Меню
КУРГАКЧЫЛ АЙМАКТАРДАГЫ ЖЕРГЕ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮ
Бүгүн Улуттук илимдер академиясына Кытай илимдер академиясынын академиги Гуо Хуадонг баштаган илимпоздор келишип, академиянын президенти Бекмамат Дженбаев менен жолугушту. Алар эртең Ысык-Көлдө кургакчылык каптаган аймактардагы Жерди изилдөө боюнча “Санарип алкак жана жол” 10-эл аралык конференциясын жана 6-эл аралык симпозиумун өткөрүшөт.
“Дүйнө жүзү боюнча санариптик чоң маалыматтарды бириктирүүчү 9 борбор тузүлгөн. 10-борбор Бишкекте тузулгөну турат. Ал Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанды бириктирет. Биз эртең ушул борборду түзүү боюнча кол коюшабыз. Ал ЮНЕСКОнун алдындагы программа болот”, - деди академик Кубанычбек Жумалиев.
“Бишкекте 10-борбор тузүлүп, кургакчылык каптаган жерди изилдөө боюнча иштерди аткарганы жатканы абдан жакшы жаңылык. Бизди эле эмес, Орто Азияны кургакчылык каптады. Мындай иштери үчүн ыраазычылык билдиребиз”, - деди КР Президентине караштуу УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев.
Келген меймандар академиянын президентин чоң конференцияга чакырышты.