Меню

A A
СОРОКОПУТОВ: “ТАЗА АЗЫК ЖЕГЕН КЫРГЫЗДАР АКЫЛДУУ, МЕЙМАНДОС КЕЛИШЕТ”

СОРОКОПУТОВ: “ТАЗА АЗЫК ЖЕГЕН КЫРГЫЗДАР АКЫЛДУУ, МЕЙМАНДОС КЕЛИШЕТ”

Бүгүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев менен Москвадан келген айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Владимир Николаевич Сорокопутов кезикти. Ал УИАнын Химия жана фитотехнология институтунун илимий адистери тарабынан чакырылып, тажрыйба алмашуу максатында Кыргызстанга келген. Буга чейин алар Нарын облусунун жана Жети-Өгүз районунун тоолорун кыдырып, кара жана алтын түстүү карагаттын тажрыйбалык аянттарын бөлүп алуу иштерин жүргүзүшкөн.
Сорокопутов кыргыз тоолорун кыдырып, бөрү карагат, кара карагат, чыны карагат, чычырканактын түрүнө суктанганын айтты. “Мунун баары жергиликтүү эндемика, аны колдонуу ден соолукка өтө пайдалуу. А силер Өзбекстандан, Европадан жер-жемиштердин жаңы сортторун алып келип өстүрөбүз дейсиңер. Алар көбүнчө жер кыртышына көнбөй даамы бузулат. Кыргызстанда өскөн жер-жемиштердин өз даамын сактап калыш керек. Кыргыз эли абдан сыйчыл келет. Кичинекей кыргыз балдар да олуттуу суроолорду берип, ашыкча сүйлөбөй, тартиптүү турат экен. Мен мындайды эч жерден көргөн эмесмин. Мунун баары таза аба, таза суу, таза тамак-аштардан деп ойлойм”, - деди Сорокопутов.
Профессор Владимир Николаевич буга чейин мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана азыктык баалуулугу жаатында илимдин 38 кандидатын жана 6 докторун чыгарган.
“Сиздин билимиңиз, илимий тажрыйбаңыз биздин жаштарга абдан керек. Аларга жол көрсөтүп, жер кыртышын изилдеп, жер-жемиштерди өстүрүүдө тажрыйба бөлүшүп жатканыңызга ыраазычылык билдирем”, - деген академиянын президенти Бекмамат Дженбаев мейманга белек тапшырып, жылуу-жумшак узатты.

Сүрөттөр