Меню
ДИАЛОГ ПЛАТФОРМАСЫ ЖӨНҮНДӨ ЖОБО ТҮЗҮҮ ДЕМИЛГЕСИ
Диалог платформасы жөнүндө Жобонун долбоорун жана Концепциясын макулдашууну жыйынтыктоо боюнча Үчүнчү видеоконференция Улуттук илимдер академиясында бүгүн, 17-августта болуп өттү. Видеоконференцияга ШКУга мүчө мамлекеттердин – Кыргызстан, Россия, Белорусия, Иран, Кытай, Пакистан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан илимдер академияларынын жетекчилери, алдыңкы илимий изилдөө мекемелеринин илимпоздору катышты.
“Кыргыз Республикасынын Диалог платформасын түзүү боюнча демилгени алдыга жылдырууда конструктивдүү катышып бергениңиздер үчүн ШКУга мүчө мамлекеттердин илим изилдөө мекемелерине ыраазычылык билдирем. Биргеликте иштешкен бул аралыкта эки мазмундуу видеоконференция болуп өттү. Аны тогуз ШКУга мүчө мамлекеттердин илимпоздору колдогонун белгилегим келет”, - деди КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынны вице-президенти Гульнара Ботоканова.
Диалог платформасы жөнундө Жобонун жана Концепциянын кабыл алынышы ШКУ чегинде фундаменталдуу илимдин жана илимий дипломатиянын бекемделишине көрүлгөн негизги кадам болмокчу. Азыркы учурда бул долбоорго ШКУга мүчө мамлекеттердин кошумча сунуштары киргизилип жатат.