Меню

A A
АЗЫР КЫТАЙДАН ТОВАР ЭМЕС, ИНВЕСТИЦИЯ КӨБҮРӨӨК КЕЛЕ БАШТАДЫ

АЗЫР КЫТАЙДАН ТОВАР ЭМЕС, ИНВЕСТИЦИЯ КӨБҮРӨӨК КЕЛЕ БАШТАДЫ

Бишкекте боло турган ШКУ саммитин утурлай КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын илимпоздорун сөзгө тарттык.
Кыргызстан-Кытай кызматташтыгы боюнча КР УИАнын Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор Джумабек Джаилов буларды айтып берди:
Жакында Кыргызстанда ШКУ саммити өтөт. Анын алдында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин келиши күтүлүүдө. Ушул тапта Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолу салынып жатат. Бишкекте жылуулук электр станциясы жаңыланды, таштандыларды кайра иштетүүчү завод ишке кирди. Кытай бизге эң ири өнөктөш болду. Биз Кытайдан товар албастан, инвестицияны көп алып жатабыз. Анын аркасы менен өзүбүзгө керектүү товарларды чыгарып жатабыз. Курулуш тармагы, айыл чарбасы жанданып, электр машиналарын чыгаруучу заводдор ишке киришти. Мындан ары да Кытай менен мамиле күчөйт. 2030-жылы темир жол бүтсө, биздин да ички темир жол аяктап, шакекче пайда болот. Анда адамдардын карым-катышы күчөйт, товар жүгүртүү өнүгөт.