Меню

A A
БИШКЕКТЕ ЧОҢ МААЛЫМАТТАРДЫ БИРИКТИРҮҮЧҮ САНАРИП БОРБОРУ ТҮЗҮЛӨТ

БИШКЕКТЕ ЧОҢ МААЛЫМАТТАРДЫ БИРИКТИРҮҮЧҮ САНАРИП БОРБОРУ ТҮЗҮЛӨТ

2026-жылдын 17–21-август күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде дүйнөлүк илимий коомчулук үчүн маанилүү иш-чара — 10-эл аралык «Санариптик алкак жана жол» конференциясы (DBAR 2026), кургакчыл жана жарым кургакчыл аймактарда Жерди аралыктан зонддоо боюнча 6-эл аралык симпозиум (ISEO 2026) өткөрүлүүдө.
Иш-чарага дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнөн алдыңкы окумуштуулар, санариптик технологиялар жаатындагы эксперттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана инновациялык тармактардын лидерлери катышууда. Форумдун жалпы темасы: «“Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында туруктуу өнүгүүнү колдоо үчүн Жерди байкоонун алдыңкы технологиялары».
Конференция төмөнкү эл аралык жана улуттук уюмдардын жетекчилиги алдында өткөрүлүүдө:
«Санариптик алкак жана жол» программасы (DBAR); Эл аралык Санариптик Жер коому (ISDE);
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы (КР УИА); Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн чоң маалыматтар боюнча эл аралык изилдөө борбору (CBAS, Кытай); Кытайдын Кашкар префектурасынын администрациясы.
Биргелешкен уюштуруучулардын катарында Кыргызстан, Россия, Кытай, Индия, Индонезия, Италия, Таиланд, Түркия, Финляндия, Япония, Нидерланд жана башка чет өлкөлөрдүн 40тан ашык илимий-изилдөө институттары, университеттери бар. Алардын арасында «Роскосмос» мамлекеттик корпорациясы жана Россия Илимдер академиясы да бар.
Иш-чара санариптик технологиялар жана Жерге байкоо жүргүзүү жаатындагы тажрыйба менен алмашуу үчүн негизги эл аралык аянтча болууга багытталган. Өзгөчө көңүл Борбор Азия өлкөлөрүн кошкондо, кургакчыл жана жарым кургакчыл аймактарга бурулат.
Негизги максаттары:
окумуштуулар жана адистер үчүн пикир алышууга жана акыркы илимий жетишкендиктерди тааныштырууга натыйжалуу аянтча түзүү;
биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү боюнча макулдашууларды түзүүгө көмөктөшүү;
ар кайсы өлкөлөрдүн катышуучуларынын ортосунда достук жана кесиптик байланыштарды бекемдөө.
Талкуунун артыкчылыктуу багыттары:
геомейкиндик изилдөөлөрүндөгү маалыматтар илими жана жасалма интеллект;
туруктуу өнүгүүнү мониторингдөө үчүн Жерди байкоо технологиялары;
суу жана жаратылыш ресурстарын башкарууда санариптик инновацияларды колдонуу;
БУУнун 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу.
Конференцияда Кытай Илимдер академиясынын академиги, DBAR2026 программасынын жетекчиси Го Хуадун мындай деди:
«DBAR конференциясынын онунчу ирет өткөрүлүшү маанилүү этап болуп саналат. Ал эксперттердин динамикалуу жана ар түрдүү коомчулугуна кызмат кылууга берилгендигибизди билдирет. Санариптик илимдер инклюзивдүү жана туруктуу дүйнөнү калыптандырууда негизги роль ойнойт деп ишенебиз».
DBAR2026 жана ISEO2026 конференцияларынын теңтөрагасы, УИАнын академиги Кубанычбек Жумалиев:
«Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген катышуучуларды кыргыз жергесинде тосуп алганыбызга кубанычтабыз. ISEO2026 — Жерди байкоо технологиялары прогрессти мониторингдөөдө жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүдө кандай өзгөртүүчү күчкө ээ экенин көрсөтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк».
«Биргелешкен конференция жана симпозиум Борбордук Азиянын санариптик дараметин чыңдоодо маанилүү кадам болот. Биз бардыгын санариптик инфраструктура, жасалма интеллект жана туруктуу келечек тууралуу диалогго кошулууга чакырабыз», - деди DBAR2026 жана ISEO2026 конференцияларынын теңтөрагасы, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев.
Дүйнө жүзү боюнча санариптик чоң маалыматтарды бириктирүүчү 9 борбор тузүлгөн. 10-борбор эми Бишкекте тузүлөт. Ал Орто Азия мамлекеттерин бириктирет. Кечээ, 18-августта санариптик борборду тузүү боюнча кол коюу аземи болуп өттү. Ага КР УИАнын академиги Кубанычбек Жумалиев жана Кытай Эл Республикасынын илимдер академиясынын академиги Го Хуадун кол коюшту.

Сүрөттөр