Меню
ТОКОЙ КЫРГЫЗСТАНДА СТРАТЕГИЯЛЫК МААНИГЕ ЭЭ
Бүгүн Улуттук илимдер академиясында “Климаттын өзгөрүү шартындагы токой экосистемасы: сактоо, калыбына келтирүү жана туруктуу башкаруу” эл аралык илимий-практикалык конференциясы болду. Аны КР УИАнын П.А.Ган атындагы илимий-өндүрүштүк токой борбору, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токой кызматы жана көптөгөн башка уюмдар уюштурган. Конференция биология илимдеринин доктору, профессор, илимге эмгек сиңирген ишмер Петр Алексеевич Гандын 110 жылдыгына да арналды.
Конференцияга КР УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев, Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүндөгү В.Н.Сукачев атындагы токой институтунун илимпоздору, Сибирь мамлекеттик университетинин жана Урал мамлекеттик токой техникалык университетинин профессорлору, Тува жаратылыш ресурстар институтунун жана Ош техникалык университетинин илимий кызматкерлери, Казакстан илимий-өндүрүштүк “Инноватор” ишканасынын жетекчиси жана КР ӨКМ Токой кызматынын жетекчилиги катышты.
“Бүгүнкү өтүп жаткан эл аралык конференциянын ишине ийгиликтерди каалайм. Биздин Кыргызстандын токой чарбасынын өнүгүп-өсүшүнө өзгөчө эмгек сиңирген Петр Алексеевич Ган менен аспирант кезимде биолог катары кезиктим эле. Тоолуу аймактардагы топурак катмарын изилдөө абдан татаал да, кызыктуу да эмгек. Ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм”, - деди академиянын президенти Бекмамат Дженбаев.
КР ӨКМ караштуу Токой кызматынын башкармалыгынын башчысы Турдакун Абдыкадыров мындай деди: “Кыргызстанда токой стратегиялык мааниге ээ. Ал топуракты коргоочу жана сууну салмактап туруучу касиетке ээ. Биздин алдыбызда келечек муунга токой экосистемасын сактап жана ушул калыбында өткөрүп берүү тапшырмасы турат. Токой экосистемасын изилдөөчү илимпоздордун ишине ийгиликтерди каалайм”.
Кыргызстандын токой илимин түзүүчү Петр Алексеевич Ган 1916-жылы 4-апрелде Крымда туулган. Анын ысмы Орто Азияда жана чет өлкөлөрдө да белгилүү болгон. Ал токой илиминин өнүгүшүнө өзгөчө эмгек сиңирген. Кыргызстандын токой чарбасын өнүктүрүүчү адистерди даярдаган, комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн, Тянь-Шань кырка тоолорунун илимий негизин түзгөн. Ал өмүрүн токойлорду сактоого жана көбөйтүүгө арнаган. 1941-жылы Красноярск токой-техникалык институтун бүтүргөн. Кыргызстанга 1945-жылы СССР токой өнөр-жай министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн. Алгач ал Өзгөн токой чарбасында иштеген. 1947-жылы биринчи жолу ал кыргыз токой тажрыйба станциясын уюштурган. 20 жылдан кийин бул станция илимий борборго айланган. Анын негизги илимий ишмердүүлүгү – тоо шартында жаңы дарак түрлөрүн изилдөө болгон. Анын жетекчилиги менен жергиликтүү бак-дарактардын, тикендүү бадал өсүмдүктөрүнүн түрлөрү изилденген.
Бүгүнкү күндө КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын токой илимий-өндүрүштүк борбору П.А Ган атында.