Меню
ТИЛ ИЛИМИ ИНСТИТУТУНУН ОКУТУУ КУРСУ БАШТАЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 токтому менен бекитилген 2026–2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын жана Иш-чаралар планынын 7.4-пунктуна ылайык, 2026-жылы илимий кадрлардын тилдик квалификациясын жогорулатуу боюнча долбоорго Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту жооптуу мекеме катары белгиленген. Ушуга байланыштуу Тил институту тарабынан кыргыз тилин илимдин тили катары өнүктүрүү, илимий жана иштиктүү стилдердин тилдик нормаларын өркүндөтүү, академиялык жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу, адабий тилдин нормаларын сактоо жана илимий эмгектерди мамлекеттик тилде сапаттуу даярдоо маселелери боюнча атайын окуу курсун уюштуруу каралган.
Ушуга байланыштуу окуу курсу кечээ 16-ноябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын чоң залында башталды. Аны илимий кадрлардын тилдик квалификациясын жогорулатуу максатында Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институту уюштурууда. Курс 2026-жылдын 16-ноябрынан 11-декабрына чейин болот. Ага илимий-изилдөө институттарынын кызматкерлери катышууда.