Меню

A A
ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРУ АЯКТАДЫ

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРУ АЯКТАДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институту ЭИТБнын KG 2777 — «Кыргызстандагы кене аркылуу жугуучу вирустук жана бактериялык ооруларга мониторинг жүргүзүү» аттуу долбоорун ийгиликтүү аяктады.
Долбоор Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн биомедициналык изилдөөлөр институту (IRBA) менен биргеликте Expertise France уюмунун каржылоосу жана Эл аралык илимий-техникалык борбордун (ЭИТБ) колдоосу астында ишке ашырылды.
Долбоордун алкагында Кыргызстанда лабораториялык диагностика жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди жана зооноздук оорулардын атласын түзүүгө негиз салынды.
Долбоордун максаттары жана илимий милдеттери
• Кыргыз Республикасынын аймагында кене аркылуу жугуучу жана башка табигый очоктуу оорулардын козгогучтарынын таралышы жөнүндө илимий жактан негизделген маалыматтарды алуу;
• кенелерди жана алар менен байланышкан биологиялык материалдарды чогултуу жана мүнөздөмөлөрүн аныктоо;
• айыл чарба жаныбарларынын, кемирүүчүлөрдүн жана жарганаттардын оорунун козгогучтары менен серологиялык байланышта болуу деңгээлин баалоо;
• вирустук жана бактериялык агенттерди изилдөөдө иммунологиялык жана молекулярдык ыкмаларды колдонуу;
• ветеринарияда, саламаттык сактоо тармагында, экологиялык мониторингде жана келечектеги илимий изилдөөлөрдү пландаштырууда пайдаланууга боло турган илимий маалыматтар базасын түзүү.
Бул эмне үчүн маанилүү?
Кенелер Борбордук Азиядагы эң кооптуу жугуштуу оорулардын айрымдарын, анын ичинде Конго-Крым геморрагиялык ысытмасын, кене энцефалитин жана Q ысытмасын таратуучулардын бири болуп саналат.
Мал чарбачылыгы айыл жергесиндеги калктын бакубаттуулугунун негизин түзгөн, ал эми тоо туризми тездик менен өнүгүп жаткан өлкөдө мындай ооруларга натыйжалуу чара көрүү үчүн биринчи кезекте алардын козгогучтары кайсы аймактарда жана кандай жаныбарларда кездешерин билүү зарыл.
Долбоордун алкагында аткарылган иштер
2024-жылдын 1-мартынан 2026-жылдын 17-ноябрына чейин изилдөө топтору Баткен, Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарында талаа экспедицияларын өткөрүштү. Экспедициялардын жүрүшүндө кенелер, ири мүйүздүү малдын жана топоздордун кан, сары суусунун үлгүлөрү чогултулуп, ошондой эле майда кемирүүчүлөрдөн жана жарганаттардан биологиялык үлгүлөр алынды. Кийинчерээк талдоо жүргүзүү үчүн ар бир үлгү алынган жердин координаттары катталды.
Чогултулган үлгүлөр лабораториялык шартта иммуноферменттик анализдин (ИФА) коммерциялык тест-системаларынын жардамы менен изилденди. Тактап айтканда, Конго-Крым геморрагиялык ысытмасынын вирусуна, кене энцефалитинин вирусуна жана Q ысытмасынын козгогучуна каршы антителолор аныкталды.
Кенелердин айрым бөлүктөрү жана ири мүйүздүү малдын кан сары суусунун үлгүлөрү молекулярдык талдоо жүргүзүү үчүн IRBA институтуна, доктор Оливье Горжго (Olivier Gorge) жөнөтүлдү.
Долбоорду ишке ашыруудагы татаал уюштуруучулук шарттар
Долбоорду ишке ашыруу мезгилиндеги олуттуу кыйынчылыктардын бири - анын экинчи жылынан тартып Институттун имаратында капиталдык оңдоо иштери башталды. Белгилүү бир мезгилде бул жагдай лабораториялык изилдөөлөрдү жеринде жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кыйла чектеди.
Натыйжада долбоордун командасы иштерди уюштуруу тартибин кайра карап чыгууга, жабдууларды жана материалдарды башка жайларга көчүрүүгө, лабораториялык ишмердүүлүктү этап-этабы менен калыбына келтирүүгө аргасыз болду.
Мындай жагдайларга карабастан, пландаштырылган милдеттерди аткаруу улантылып, долбоордун кийинки баскычтарында зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү кайра калыбына келтирилди.
Бул кыйынчылыктарды жеңүүдө долбоордун чет өлкөлүк өнөктөштөрү жана ЭИТБнын командасы менен үзгүлтүксүз байланышта болуу, ишти ийкемдүү уюштуруу, илимий, техникалык жана административдик кызматкерлердин биргелешкен аракеттери маанилүү роль ойноду.
Натыйжалар жана мындан аркы ишмердүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрү
Долбоор өзүнүн илимий натыйжаларынан тышкары, өлкөдө табигый очоктуу инфекцияларга мониторинг жүргүзүү системасын өнүктүрүүгө да салым кошту.
Анын алкагында түзүлгөн илимий маалыматтар базасы ветеринардык кызматтар, саламаттык сактоо органдары жана экологиялык мониторинг программалары тарабынан пайдаланылышы мүмкүн. Долбоор практикалык лабораториялык тажрыйбаны топтоого жана Кыргыз Республикасы менен Франциянын илимий изилдөө топторунун кызматташтыгын мындан ары улантууга негиз түздү.
Долбоордун өнөктөштөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институту — долбоорду ишке ашырган негизги уюм.
Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн биомедициналык изилдөөлөр институту (IRBA) — биомедицина тармагындагы Франциянын аскердик илимий-изилдөө институту, долбоордун чет өлкөлүк илимий өнөктөшү болду.
Expertise France — Франциянын эл аралык кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттиги, долбоордун өнөктөшү катары иш алып барды.
Эл аралык илимий-техникалык борбор (ЭИТБ) — штаб-квартирасы Казакстандын Астана шаарында жайгашкан өкмөттөр аралык уюм. Ал илимдин жайылышына жол бербөө жана илимди тынчтык максаттарда колдонууга көмөктөшүү менен дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү окумуштууларды бириктирүүчү борбор болуп саналат.
Долбоордун ийгиликтүү аяктагандыгына байланыштуу эртең 18-ноябрда жыйынтыктоочу “Жогорку патогендүү агенттерден келип чыккан жугуштуу оорулардын пайда болушу» темасында семинар болот. Анда KG 2777 долбоорунун негизги жыйынтыктоочу ишине анализ берилет.
Байланыш үчүн:
Тагаева Жылдыз,
МНТББнын KG 2777 долбоорунун жетекчисинин жардамчысы
Электрондук почта: ibnaskr@gmail.com
Тел.: +996 555 75 10 27