Меню
ТАЖРЫЙБАЛУУ АДИСТЕР ДАЯР. МАЛ ЫЛАҢЫНА КАРШЫ ВАКЦИНА ЧЫГАРСА БОЛОТ
Бүгүн Биотехнология институтунун шаар четиндеги лабораториялары жайгашкан базасына барып, кыдырып чыктык. Чоң аянтты ээлегени менен кароосуз калган жайдын ичиндеги көйгөйлөрдү жеринде көрүү үчүн КР УИАнын вице-президенти Гульнара Ботоканова барды. Биотехнология институтунун директору Акрам Мадумаров союз тарагандан бери каралбай калган жайдын ичиндеги эски лабораторияларды, анда эксперимент жургүзүү үчүн багылып жаткан жаныбарларды, базанын жалпы абалын көргөзүп чыкты.
Канча жылдан бери жаан өтүп чирип калган айрым имараттар менен каралбай калган бак-дарактар адамдын зээнин кейитет.
Институттун директору эми бул кейиштүү абалдан чыгуунун жолун таап, идеясын ишке ашырууга шымалана киришкенин жеринде айтып берди. Ал Биотехнология борборун түзүп, өндүрүштү жандантып, илимди жолго коюу менен союздан бери иштеп келаткан мыкты илимпоз кадрлардын тажрыйбасы аркылуу жалпы элдин, Өкмөттүн көйгөйүн чечип, мал ооруларына каршы препараттарды – гипер-иммундук сывороткалардын, вакциналардын бардык түрүн чыгаруу максатын көздөөдө. Болбосо, былтыр эле малдын шарп ылаңына каршы 4,5 млн вакцина Россиядан алынып келген. Негизинен Кыргызстан малдын ооруларына каршы дары-дармектердин 95%ын сырттан импорттойт.
Эгерде Биотехнология лабораториясынан тажрыйбалуу Нурлан Султаналиев, Гулай Бейшенова сыяктуу өз ишин мыкты билген илимпоз адистердин эмгегинен препараттар жасала баштаса ал жергиликтүү малдын бардык ылаңын айыктырып, антибиотик сайылбай, малдын семиришине да шарт түзүлмөк.
Адистер тез арада жергиликтүү лабораториялардан малдын дары-дармектери жасала баштаса мал чарбасын иштеткен ишкерлерге, малчыларга, Өкмөткө жана жалпы элге пайдалуу болоорун, сырттан вакцина ташылбай, малдын ылаң ооруларын дароо аныктап, ага каршы вакциналарды чыгаруу иши жолго коюлаарын айтышты