Меню
ТАРЫХ ТАСТЫКТАЙТ
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, академик Абылабек Асанкановду сөзгө тартып, институттун азыркы жасап жаткан иштери жөнүндө сурадык.
- Биздин институт алты бөлүмдөн туруп, ар бири өзүнчө иштерди аткарат. Археология бөлүмү азыр “Көөнө тарых сырлары” деген чоң бир долбоорду баштады. Анда археологиялык казууларды жүргүзөбүз. КР Президенти атайын Жарлык чыгарып, анын негизинде Министрлер Кабинети токтом кабыл алып, биз кыргыздардын таш доорунан орто кылымга чейинки археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнү колго алдык. Азыр Кочкордо, Өзгөндө, Ошто казуулар жүрүп жатат. Экинчи бөлүмүбүз – ХIХ-ХХ кылымдардагы советтик мезгилге чейинки доордун социалдык, экономикалык, маданий, тарыхый, саясий жагын изилдөөнү жүргүзүп жатат. Андан кийин – этнография илими. Буга чейинки мезгилдердеги кыргыздардын жана тектеш улуттардын этно социалдык процесстери. Бул чоң проблема. Ал эми совет доорун изилдеген окумуштуулар өзгөчө мамлекеттүүлүк маселесин – ички түзүлүшү, сырткы байланышы, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн изилдеп жатат. Экспедицияларга чыгабыз, кызматкерлер архивдерде отурушат.
Андан кийин 1920-30-40-50-жылдардагы саясий репрессияга түшкөндөрдүн тарыхы. Болбогон жерден атылып кеткен адамдарды изилдөө маселеси турат. Ал боюнча комиссия түзүлдү, анын төрагасы менмин. Ага атайын жумушчу топ да түзүлдү, ал социализмди куруу мезгилинде жазыксыз курман болгондорду аныктоо, калыбына келтирүү маселесин изилдейт. Кийинкиси, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги көп такталбай калган учурларды аныктоо. Кийин эгемендүүлүк алгандан кийинки мамлекеттүүлүктүн пайда болушун, калыптанышын изилдөө. Биздин мүмкүнчүлүктөр аз, мунун үстүндө 38 гана кызматкер иштеп жатат.
Абылабек Асанканов тарых илимдеринин доктору, профессор, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын (УИА) академиги. Ал этнология, этносоциология жана кыргыз таануу тармагында белгилүү адис. Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана улуттук өзүн-өзү аңдоосун терең изилдөөгө арналган. 200дөн ашык илимий эмгектин автору, анын ичинде монографиялар, окуу китептери жана энциклопедиялар бар.
1972-1977-жылдары Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ) тарых факультетинде окуган. 1979-1980-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда "КПСС тарыхы" кафедрасында окутуучу болуп иштеген. 1980-1983-жылдары Москвадагы СССР Илимдер Академиясынын Н.Н. Миклухо-Маклай атындагы Этнография жана антропология институтунда аспирантурада окуган.
1984-жылы "Кыргыз айыл калкынын маданий-турмуш шарттарындагы өзгөрүүлөр (1960-1970-жж.)" деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. 1984-1991-жылдары Кыргыз Улуттук Университетинин Археология жана этнография кафедрасында окутуучу, кийин кафедра башчысы болуп иштеген. 1991-жылдын октябрынан 1992-жылдын апрелине чейин Москвадагы Орусия Илимдер Академиясынын Этнология жана антропология институтунда ага илимий кызматкер болгон. 1992-1993-жылдары КУУнун Тарых факультетинин деканы кызматын аркалаган.
1993-жылы "Кыргыз айыл калкынын социалдык-маданий өнүгүүсү" деген темада доктордук диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин доктору даражасын алган. 1994-1997-жылдары КУУдагы Кыргыз таануу институтунун директору болгон. Бул мезгилде ал улуттук тарыхты жана маданиятты популярдуу түрдө жайылтууга чоң салым кошкон, "Мурас" илимий-пропагандисттик долбоорун жетектеген.
1999-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2010-2012-жылдары Этностук өнүгүү, дин саясаты жана жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. Бул кызматтарда ал улуттар аралык мамилелерди, маданий мурасты сактоо жана дин саясатын жөнгө салууга катышкан.
2001-2005-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинде ректор, 2005-2006-жылдары Ата-Мекен тарыхы кафедрасынын башчысы болгон. 2017-жылдан бери Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору кызматын аркалап келет. 2021-жылы УИАнын академиги болуп шайланган, ал эми 2023-жылдын 13-июлунда институттун директору катары кайра бекиген.