Меню
КЫЗМАТТАШУУ КЫЙЛА ИШТИ БҮТҮРӨТ
Бүгүн КР ПАрезидентине караштуу Улуттук илимдер академиясына Кытай университеттеринин жоон топ делегациясы келди. Алар Эмгек ресурстары жана социалдык камсыздандыруу министрлигинин, чет элдик адистер иштери боюнча департаментинин директору Гэн Цзюньу, бул департаменттин комплекстүү пландоо бөлүмүнүн директорунун орун басары Сюй Хуэй, ушул департаменттин чет элдик адистер иштери боюнча илимий кызматкери Чжань Хань, бул министрликтин саясат жана нормативдик-укуктук башкаруу бөлүмүнүн кызматкери Фан Мэньин, Харбин технологиялык университетинин эл аралык кызматташтык департаментинен Гао Ифань, Динь Синь, Нанкин университетинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын директорунун орун басары Чжу Сюэцинь, Түндүк-Батыш политехникалык университетинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын директорунун орун басары Ли Цзывэй жана бул университеттин долбоорлор боюнча координатору Ян Хунли таанышуу иретинде келишкенин билдиришти.
Аларды КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев жылуу тосуп алып, академиянын илимий институттарынын директорлору менен тааныштырды жана кызматташууга даяр экенин айтып, ар бир тармак боюнча так долбоорлорду иштеп чыгуу керектигин билдирди.