Меню
СУЛАЙМАН КОРЧУ УУЛУ ЭСКЕРИЛДИ
4-июнда Улутук илимдер академиясынын А.Алтымышбаев атындагы Философия институту, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим министрлигинин Илим комитетинин Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институту, КР Улуттук статистика комитетинин Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте уюштурган “1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүш: Сулайман Корчу уулу” эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Модератору КР УИАнын Философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору Нур Саралаев болду. Иш-чарага КР мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу, КР Президентине караштуу УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев, академик Абылабек Асанканов, Казакстан Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинин директору Шилдебай Сабит Камытбек уулу, Х.Досмухамедов атындагы Атырау университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Аккали Ахмет, коомдук ишмер Ормон Шаршенов, техника илимдеринин доктору, ардактуу академик Карыпбек Алымкулов, Сулайман Корчу уулунун небереси Бактыбек Кудайбергенов жана тарых изилдөөчүлөр катышты.
“Доор толкунунда торолгон Сулайман Корчу уулу” китебинин бет ачары да болду. Китепти тарых илимдеринин кандидаты Жумагул Байдилдеев жазган.
“Биздин Кыргызстаныбыздын ХХ кылымдагы тарыхый документтери Алматы, Ташкент архивдеринде жатат. Бул китептин чыгышы да Алматы архивинен алынган документтердин негизинде болду. Биз быйыл Үркүндүн 110 жылдыгына карата бир топ иштерди жасап жатабыз”, - деди Нур Саралаев.
1916-жылдагы кандуу окуялардын болушу, себептери, натыйжалары жөнүндө ачык сүйлөшүү керектиги жөнүндө да пикирлер айтылды. Бир топ тарыхчылар, коомдук ишмерлер 1916-жылдагы тарыхый окуялар, Сулайман Корчу уулу жөнүндө сөз сүйлөштү.