Меню

A A
СОГУШТА ЭРДИК ЖАСАГАНДАР ЖӨНҮНДӨ БААЛУУ КИТЕП

СОГУШТА ЭРДИК ЖАСАГАНДАР ЖӨНҮНДӨ БААЛУУ КИТЕП

8-июлда Улуттук илимдер академиясында белгилүү илимпоз, тарых илимдеринин доктору Нарынбек Алымкуловдун “Кыргызстанцы – Герои Советского Союза и полные кавалеры ордена славы: новые факты, имена” китебинин бет ачары болуп өттү. Окумуштуунун көзү өтсө да Улуу Ата Мекендик согушта кызмат өтөгөн кыргыздардын саны, канчасы Советтер Союзунун Баатыры наамын алганы, канчасы албай калганы, алар кимдер болгону, Панфиловчулар, алардын эрдиктерни жөнүндө топтогон маалыматтарынын баары топтоштурулуп, китеп болуп чыкты. УИАнын академиги Абылабек Асанканов китептин илимий редактору болсо, жубайы, профессор Сынару Алымкулова түзүүчүсү болгон.
Бет ачарга тарыхчы окумуштуулар, Нарынбек Алымкуловдун туугандары катышты. Сүйлөгөндөрдүн ичинде тарых илимдеринин доктоур Аида Кубатова баалуу маалыматтарды берди. “Китепте Нарынбек Ашыралиевич Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин кавалерлери жөнүндө сөз кылганы менен согуш темасын кимдер изилдегенине чейин жазып калтырган. Агай чыныгы окумуштуулук касиетин көрсөткөн. Мисалы, кайсы жылдан кайсы жылга чейин кандай баатырлар чыккан, кимиси биринчи, кимиси экинчи алган, ал кайсы улуттун өкүлү болгон, кайсы жерде эрдик жасаган? Канча комсомол согушка кеткен, канча пионер тылда иштеген?, - дегендерди тактап чыккан. Биз Кыргызстандан 363 миң адам согушка кеткен десек, агай 384 миң адам кеткен, тажик менен түркмөндөргө караганда кыргыздардан көбүрөөк катышкан деген. Советтер Союзунун Баатырлары 12682 адам болсо, Чолпонбай Түлөбердиевдей эрдик жасагандардын саны 1997-жылкы маалымат боюнча 362 адам, кийин ал 462 киши болду деген. Согушка катышкандардын эң жашы 14, эң улуусу 50 жашта болгон деген. Бул китепке кирбеген маалыматтар. Демек изилдей турган жагдайлар дагы абдан көп”, - деди Аида Кубатова.
Улуу Ата Мекендик согушта эрдик жасаган баатырлар менен кезигип, далайынан маек алып, китеп жазып жүргөн, Казакстандын Гумилев университетинин профессору Түнтеев агай да өзүнүн баалуу маалыматтары менен бөлүштү.
Андан сырткары, “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы: 2003-2014-жылдар, библиографиялык көрсөткүч” китебинин бет ачары да болду. Иш-чараны УИАнын Тарых, археология жана этнология институту уюштурду.

Сүрөттөр