Меню

A A
ФИЗИКА ИНСТИТУТУ: КАСИЕТТЕРИ БАР МАТЕРИАЛДАРДЫ АЛУУ

ФИЗИКА ИНСТИТУТУ: КАСИЕТТЕРИ БАР МАТЕРИАЛДАРДЫ АЛУУ

Физика институту 1984-жылы академик Ж. Жеенбаевдин демилгеси менен уюштурулган. Академик Ж.Жеенбаев атындагы Физика институтунун курамында 9 илимий-изилдөө лабораториясы бар. Алар: лазердик технологиялар, атомдук спектроскопия, порошок материалдары; базальт булалары жана композициялык материалдар, энергияны үнөмдөөчү технологиялар, радиофизика жана атмосфералык процесстер; кристаллофизика жана радиометрия; өтө катуу материалдар жана теориялык физика. Институтта 18 илимдин доктору, анын ичинде 2 академик, 1 корреспондент-мүчөсү жана илимдин 26 кандидаты бар.
Илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары - берилген касиеттери бар материалдарды алуу, - плазмалык, лазердик жана нано маалымат технологиялары, - радиофизика, курчап турган чөйрөнүн физикасы жана озоносфераны изилдөө, - илимий-техникалык жана эл чарба маселелерин чечүү үчүн аэрокосмостук маалыматты пайдалануу.
Былтыр, 2025-жылы физика институтуна мамлекеттик буйрутма боюнча 9 млн сом бөлүнүп, ага электрондук микроскопторду алышкан. Азыр Нурбек Жеенбаев жетектеген институт бул микроскопторду иштете ала турган адискөй жаштарды таап үйрөтүү иштерин жургүзүп жатышат. Ылайды иштетүү, туруктуу жана туруксуз плазманы иштетүү, Кыргызстандын өзүнөн чыккан чийки заттарды колдонуу менен физикалык касиеттерди изилдөө иштерин колго алышкан.

Сүрөттөр