Меню
АРТИСТТЕР ЫРДАП, АКАДЕМИЯ ЖАНДАНДЫ
Бүгүн Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Анарбек Ибраев жана КР эл артисти Тамара Исабекова менен жолугушуу болду. Аны Ч.Айтматов атындагы адабият институту уюштурду. Институт буга чейин дагы көптөгөн өнөр адамдарын – сүрөтчүлөрдү, композиторлорду, артисттерди, манасчыларды чакырып, академия кызматкерлери менен руханий азык берүү вазийпасын аткарып келген.
Жолугушууда коомдук Айтматов академиясынын президиумунун чечими менен Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти Анарбек Ибраев Айтматов академиясынын ардактуу академиги болуп шайланды. Эл аралык Айтматов клубунун кеңеши жазуучунун чыгармачылыгына байланыштуу эл аралык иш-чараларды мыкты деңгээлде уюштурууга, жайылтууга, маданиятты өнүктүрүүгө зор эмгек сиңиргендиги үчүн Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти Тамара Исабековага Айтматов ассоциациясынын адабият, көркөм өнөр жана маданият тармагындагы эл аралык сыйлыгынын лауретаты наамы ыйгарды. Сыйлыктарды Айтматов академиясынын президенти, УИАнын академиги Абдылдажан Акматалиев тапшырды.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын эл артисттери өз репертуарындагы белгилүү ырлардан ырдап беришти.
Иш-чара КР Президентинин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгына ылайык өткөрүлүп, каада-салттарды сактоого, жаштарды тарбиялоого багытталды.