Меню

A A
МУРАТАЛЫ ДЖАМАНБАЕВДИН ЭЛЕСИ ЭСИБИЗДЕ САКТАЛАТ

МУРАТАЛЫ ДЖАМАНБАЕВДИН ЭЛЕСИ ЭСИБИЗДЕ САКТАЛАТ

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин И.Раззаков атындагы прикладдык математика жана информатика кафедрасынын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Казакстан Республикасынын Улуттук жогорку мектеп академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги, Эл аралык Инженердик академиянын корреспондент-мүчөсү, Эл аралык инженердик педагогика коомунун (IGIP) профессору; Россия Федерациясынын В.Д. Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университетинин «Военмех» ардактуу доктору, Казакстан Республикасынын С.Серикбаев атындагы Чыгыш Казакстан мамлекеттик техникалык университетинин ардактуу доктору, Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери Мураталы Жузумалиевич Джаманбаевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүң айтабыз.
Мураталы Жузумалиевич 1952-жылы туулган. 1974-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин «Математика» адистиги боюнча артыкчылык менен аяктаган. Анын илим жана жогорку билим берүү тармагындагы кесиптик жолу жарым кылымдан ашык үзгүлтүксүз педагогикалык жана илимий ишмердүүлүк менен уланган.
Анын жетекчилиги астында прикладдык математика жана информатика кафедрасы университеттин алдыңкы окуу-илимий бөлүмдөрүнүн бирине айланган. Профессор Джаманбаев алгоритмдештирүү жана программалоо, математикалык физиканын теңдемелери, сандык ыкмалар, ыктымалдуулук теориясы жана математикалык статистика боюнча курстарды окутуп, республика үчүн инженердик-техникалык кадрларды даярдоого чоң салым кошкон.
Мураталы Жузумалиевичтин илимий мурастары 120дан ашык илимий эмгекти камтыйт, алардын ичинде 2 монография, 3 окуу куралы жана 1 ойлоп табуу бар. Анын термогидродинамика, криолитозондагы жылуулук жана масса алмашуу процесстери, гидротехникалык курулуштарды математикалык моделдөө боюнча изилдөөлөрү илимий коомчулукта кеңири таанылган. Айрыкча «Кумтөр» кенинин калдыктар сактоочу жайындагы коргоо дамбасынын айланасындагы процесстерди моделдөө боюнча эмгектери Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугу үчүн практикалык мааниге ээ.
Анын илимий эмгектери чет өлкөлүк абройлуу басылмаларда жарыяланган. Мураталы Жузумалиевич кеңири билимдүү, энергиялуу жана адамгерчиликтүү инсан болгон. Ал прикладдык математика жана информатика тармагында бүтүндөй муунду тарбиялап, бүгүн алардын көпчүлүгү илимде, билим берүүдө жана өнөр жайда ийгиликтүү иштеп жатышат.
Анын өмүр жолу — илимге жана билим берүүгө берилгендиктин үлгүсү. Мураталы Жузумалиевич Джаманбаев жөнүндө жаркын эскерүү ар дайым кесиптештеринин, шакирттеринин жана аны тааныган ар бир адамдын жүрөгүндө сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.