Меню
КЫРГЫЗ ӨНӨРТААНЫМЫНА КОШКОН БАРААНДУУ САЛЫМ
Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына кеңири таанымал арген үндүү айым, Кыргыз Республикасынын Эл Артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Аманова Роза Асановнанын калемине таандык «Кыргыздын оозеки салттагы профессионалдык музыкасы» (2024) аттуу илимий-популярдуу монографиясына учкай пикир айта кетүүнү эп көрдүм.
Ушул 400 беттен ашуун салмактуу эмгегин капилеттен көрүп калып, адегенде жөн гана барактап олтуруп, анан улам тереңдеп окуган сайын кызыгуу менен сыймыктануу сезими менде күч алды. Унгужолун тандап алган Кыргызстандын искусство таануу илиминин уучу кур эмес экен деп кубандым!
Деги эле кыргыз элдик өнөр таануу жаатында атайын тереңдеп изилдеген илимий эмгектер өтө сейрек болгондуктан, Роза Асановнанын эмгеги илимпоздор чөйрөсүндө өзүнүн татыктуу баасын алат деген ишеним пайда болду.
Китеп жазат десе эле ар кайсы гезиттерге чыккан алешем макалаларын жыйнап туруп, бир китептин көлөмүн толтуруп койгон, же чалагайым ойлорду ме деп элге жарыя кыла берген мекендештерибиз жок эмес.
Ал эми профессор Роза Аманованын ойлору терең окумуштуу, өжөрдүгү менен дайра токтоткон кашкөй инсан экендигине ынандым.
Эми, аталган китеп эмнеси менен маанилүү?
«А» деп баштаганда эле бул китепте Кыргыз сыяктуу байыркы көчмөн элдин салттуу музыкалык маданияты жана жарандардын эстетикалык, адеп-ахлак багытындагы табитин өнүктүрүүдө ойногон ролу терең изилденип, ынанымдуу берилгендигин белгилөөнү эп көрдүм.
Экинчиден, китепте Батыш-Чыгыш элдеринин арасында «Кыргыз» деген байыркы элдин оозеки жана музыкалык чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү менен катар, руханий-этикалык бийиктиги комплекстүү изилденген.
Үчүнчүдөн, теңдешсиз «Манас» баштаган эпостор менен байыртан бери элдин жүрөгүн шерденткен дастандар, комуз күүлөрү, төкмөлүк жана элдик болуп кеткен керемет ырлардын табигый күчү синтездүү ачылган.
Айталык, соматикалык музыкатерапия, күү ыргагы менен адамга кубат берүү мүмкүнчүлүгү, шамандардын бакшылык дарымдары – мунун баары биздин эстутумубуздан өчүп бара жаткан касиеттүү дараметтер экен. Биздин ата-бабаларыбызды «дикокаменные киргизы» деп кордошкон текебер орус-европалыктардан бабаларыбыз түбөлүк өйдө турушкандыгын Роза Асановнанын эмгеги пафос менен кооздобой эле тастыктап коюптур. Автордун пикири боюнча, биз, кыргыздар, башкалардан өзгөчө деле эл эмеспиз, бирок өз уңгулуу жолубуз, тангыс терең тарыхыбыз жана Теңирдин чексиз асманына төнгөн кайталангыс салтыбыз бар экен, ошол бийиктик элдин салттуу маданий өнөрканасында уюп келген!
Төртүнчүдөн, кыргыздар эмне үчүн башкача баатыр, октон-кылычтан жалтанбаган шер болгон десе, көрсө, элибиздеги башкаларга анча ачыла бербеген руханийлик – жабык сырдуу категория болуу менен, Жашоо-Жаратылыш-Адам үчилтиги гармонияда болуп, керемет дастандар, кулактан кирип бойду алган ыр-күүлөр - ошол улуу Шайкештиктин жемиши тура. Батынып ачык айтууга болбой турган, тереңден катылган кайыптык мистика ушул биздин элде экен! Манкурттуктан кетип, айкөлдүкко багыт алып, каныбыздагы улуулугубузду жаңыртуубуз абзел!
Бешинчиден, Кыргыз космогониясы, календарь, аскерий тактика – мунун баары эстетикалык фон менен байланыштуу тура. Чынгыз Айтматов агабыз өмүрүнүн акырында өкүнүү менен айткандай, ылайым жан-дүйнө кор болбосун! Ушул өңүттөн караганда, Роза Асановнанын монографиясын эл үчүн добулбас болуп кагылып турган илимий таберик катары кабылдадым. Мындай мээнетти баалаган баалайт, баалабаган – текебердиктин айынан жанып өтүп кетет, же анысы аз келгенсип, артынан таш ыргытыт.
Биз ушундай өнөрман, өжөрман, өлөрман кыздарыбызга таш мээлебейли! Алардын биздин кемчилигибизди кечирип, ары карап ыйлап, бери карап бүтүрүп жаткан иштерин урматтап, сыйлап үлгүрөлү!
Элдин касиети – өнөрдө. Ошондуктан, Роза Асановна таасын белгилегендей, биз - өнөр жарыш менен өнүп келген элдерден экенбиз. Фольклор синкретизми менен катар күүлөрдүн классификациясы, комуз, кылкыяк, үйлөмө аспаптардын тил бүткөндөй таасын «сүйлөшү» - искусство таануучулардын алдыда дагы далай изилдөөлөрүнүн объектиси болот деп ишенем.
Профессор Роза Аманованын ушул жана башка илимий саамалыктарын окуган адам мындай ойго келет: жети нотадан турган диатоникалык жана пентатоникалык музыкалык түзүм – жандүйнонүн жогорку толкун жыштыгына жеткен улуттук музыкабыз - чексиздиктин жетимиш тонуна ажырап, кайра түбөлүктүүлүктүн Жетигендей бийиктигине «Манас» болуп биригет экен. Ал эми музыка - жалпысынан ар бир сезимтал инсандын өзүн-өзү таанып билүүсүнүн кереметтүү каражаты экен. Нукура Музыканын термелүү касиети адамдын ар бир клеткасына кубат берип, тазалыкка, бийиктикке үндөй алат экен.
Анан калса, ритуалдык жөрөлгөлөрдө, дарылоо, тазалоо, сыйынуу, табынуу сыяктуу аракеттер аркылуу бакшылар менен бүбүлөр ар бир оорунун «ээсин» таанып, анын тилин таап, сыркоологондорду айыктырып келгендигин Роза айым кадиксиз далилдер менен бере алган.
Айтылуу «Үкөй», «Арпанын ала тоосунан», «Күңөтай», «Ой тообо» сыяктуу «элдик» болуп кеткен секетпайлар, ашыктык ырлары, Жеңижоктун «Көксулуусу, «Барпынын «Мөлмөлү», Токтогулдун «Алымканы», Корголдун «Акбакайы» сыяктуу лирикалык чыгармалардын түзүлүшү, гармоникасы, мукамы жөнөкөй көрүнгөнү менен, ары сырдуу, обону менен сөзу ары шайкеш келгендиги терең адискөйлүк менен талданыптыр.
Акырында айтар кеп, кандай гана өнөр болбосун, байыртан «устат-шакирт» мектеби маанилүү өнөркана болуп, канат каккан жаш таланттарды таптап тарбиялоодо нравалык мааниси зор болуп келгендиги аталган эмгекте жакшы ачылган.
Профессор Роза Аманова мекендешибиздин кыргыз искусство таануусуна кошкон жеке зор салымын белгилөө менен, авторго мындан аркы чыгармачылык жигер, дүйнөлүк өнөртааным илиминин бийик пьедесталында татыктуу орун ала беришине тилектеш экендигимди билдирмекчимин.
Карыбек Байбосунов,
философия илимдеринин кандидаты