Меню
ЖАЛАЛ-АБАД ИЛИМИЙ БОРБОРУНДА
2026-жылдын 13-апрелинде КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, юридика илимдеринин доктору, академик Чолпонкул Арабаев Жалал-Абад илимий борборунун кызматкерлери менен расмий жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушуу илимий мекеменин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, уюштуруучулук жана илимий-изилдөө багыттарын тереңдетүү максатында уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү.
Алгач вице-президент кеңири баяндама жасап, Улуттук илимдер академиясынын ишмердүүлүгүн жөнгө салган негизги документтер — жоболор жана устав тууралуу маалымат берди. Ал өз сөзүндө академиянын түзүмү, анын негизги милдеттери, илимий мекемелердин укуктук статусу жана жоопкерчиликтерине кеңири токтолду.
Андан соң Жалал-Абад илимий борборунун учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү багыттары талкууланды. Вице-президент борбордун келечегин жогорулатуу, жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн сапатын арттыруу жана эл аралык деңгээлге чыгуу маселелерине көңүл бурду. Ал илимий иштердин актуалдуулугу, практикалык мааниси жана инновациялык багыты негизги талаптардын бири экенин белгилеп, дүйнөлүк илимий коомчулукка интеграциялануунун маанисин түшүндүрдү.
Материалдык-техникалык базаны чыңдоо маселеси да өзгөчө орун алды. Вице-президент заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу, илимий кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Вице-президент активдүү жана жогорку натыйжаларды көрсөткөн кызматкерлерди атайын каражаттардын эсебинен сыйлоо, алардын эмгегин материалдык жана моралдык жактан колдоо зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуунун аягында суроолор берилди. Вице-президент бардык суроолорго кеңири жооп берип, бир катар пайдалуу сунуштарды айтты.
Жолугушуу жалпысынан жандуу, мазмундуу жана конструктивдүү өттү. Талкууланган маселелер илимий борбордун келечектеги өнүгүүсүнө багытталган маанилүү сунуштарды камтып, кызматкерлер үчүн чоң мотивация берди.