Меню
ШКУ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН АКАДЕМИКТЕРИ АКАДЕМИЯДА
Эки күндөн бери Бишкекте ШКУөлкөлөрүнүн академиктеринин жашыл энергетика боюнча 3-форуму болуп, бүгүн ал Улуттук илимдер академиясында жыйынтыкталды.
Иш-чараны КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы, Кыргызстан эл аралык университети жана Кытайдын Сиань провинциясынын Цзяотун университети биргелешип уюштурду.
Бүгүнкү Улуттук илимдер академиясында болгон иш-чарага Цзяотун университетинин президенти Чжан Лицюнь, Энергетика жана энергетикалык машина куруу мектебинин профессору, академик Хэ Ялин, бул мектептин профессору Ван Цюван, эл аралык кызматташтык жана алмашуу департаментинин директору Лю Вэньфэн, илимий-технологиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Ли Синвэнь, укук мектебинин профессору София Ушурова сыяктуу көптөгөн Кытайдын илимпоздору, Казакстан Улуттук илимдер академиясынын академиги Жансеит Туймебаев, Өзбекстан Улуттук илимдер академиясынын академиктери Кадыр Гуламов, Мухсинджан Ашуров, Тажикстан Улуттук илимдер академиясынын президентинин кеңешчиси Фарход Кодирзада Анвар жана Кыргызстан эл аралык университетинин түзүүчүсү Асылбек Айдаралиевдер катышты.
Келген меймандарды КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, вице-президенти Гульнара Ботоканова жана башкы илимий катчы Айнура Адиевалар тосуп алышты.
“Форумдун көңүл борборунда азыркы доордун эң маанилүү маселелери — таза энергия, энергияны сактоо технологиялары жана дүйнөлүк «жашыл» өнүгүүгө өтүү процесси турат.
Форумдун өнөктөшү катары УИАнын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институту катышууда. Форумда өзгөчө орунду «ШКУ өлкөлөрүндөгү жашыл энергетика: стратегиялар, укуктук жөнгө салуу жана келечеги» аттуу жамааттык монографиянын бет ачары ээледи. Бул актуалдуу эмгекте ШКУ аймагындагы экологиялык жактан таза энергия булактарына өтүүнүн укуктук-ченемдик негиздерине терең талдоо жүргүзүлүп, стратегиялык өнүгүү багыттары аныкталган. Борбордук Азиядагы эң ири гидроэнергетикалык дараметке ээ мамлекеттердин бири болгон Кыргыз Республикасы үчүн экологиялык трансформация маселеси өзгөчө мааниде.
Өлкөбүз 2025–2026-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылган мезгилинде жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана экологиялык жактан таза энергетикалык технологияларды жайылтуу артыкчылыктуу багыттар катары аныкталган. Биздин жалпы максатыбыз — ШКУга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүү стратегиясында белгиленгендей, туруктуу өнүгүү принциптерин сактоо менен энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу. Бүгүн илимий коомчулуктун алдында бул саясий жана экономикалык стратегияларды так илимий эсептөөлөр, инновациялык технологиялар жана натыйжалуу укуктук механизмдер менен бекемдөө милдети турат.
Илим теория менен гана чектелбеши керек. Биздин форумдун алкагында жаңы смарт-лабораториянын ачылышы фундаменталдык изилдөөлөрдүн практикага ийгиликтүү өтүп жаткандыгынын айкын далили. Анын негизги багыттары — таза энергетика жана энергияны натыйжалуу сактоо технологиялары. Анткени бүгүн энергияны топтоо жана бөлүштүрүү системалары кайра жаралуучу энергия булактары тармагынын өнүгүшүндө чечүүчү ролду ойнойт.
Кыргызстан күн, шамал жана геотермалдык энергия боюнча зор дараметке ээ өлкө катары аймактык «жашыл» энергетикалык хабды түзүүдө маанилүү орунду ээлөөгө умтулууда. Жаңы лаборатория ушул дараметти ишке ашырууга бекем технологиялык негиз түзүп, жаш окумуштууларды өзүнө тарткан илимий борборго айланат деп ишенебиз. Биздин биргелешкен интеллектуалдык эмгегибиз климаттык чакырыктарды мамлекеттерибиз үчүн жаңы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө айландырууга кызмат кылат”, - деди КР Президентине караштуу УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев.
Сырттан келген академиктер, профессорлор да жашыл энергетика, илимдин өнүгүшү, кызматташуу, көйгөйлөрдү бирге чечүү боюнча ойлорун ортого салышты.