Меню

A A
"РУХ САНАТ" ФЕСТИВАЛЫНЫН  ЭЛ АРАЛЫК ЖЫЙЫНЫ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

"РУХ САНАТ" ФЕСТИВАЛЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК ЖЫЙЫНЫ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

Дүйнөлүк “Рух санат” салттуу маданият жана музыка фестивалынын алкагында уюштурулган “Салттуу маданият жана искусство: сактоо жана өнүктүрүү маселелери” темасындагы эл аралык илимий конгресс өз ишин ийгиликтүү аяктады.
Конгресс 20 өлкөдөн (Япония, Монголия, Түштүк Корея, АКШ, Словения, Түркия, Венгрия, Шри-Ланка, Малайзия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан ж.б.) 80ден ашык окумуштууларды жана эксперттерди бириктирип, фестивалдын маанилүү бөлүгү болуп калды.
Катышуучулар 80 илимий доклад жасашты (анын ичинен 17си онлайн форматында).
Эки күндүк эл аралык илимий Конгресстин иши пленардык жыйын менен башталып, анда дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген алдыңкы изилдөөчүлөр сөз сүйлөштү. АКШ, Россия, Венгрия, Тажикстан, Өзбекстан, Алтай Республикасы (Россия), Казакстан, Нидерланды, Испания, Түштүк Корея жана Чилиин өкүлдөрү өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүштү. Тактап айтканда, П.И.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясынын илимий иштер боюнча проректору, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Константин Зенкин "Музыкалык салттардын жашоо жана сактоо формалары тууралуу" баяндама жасаса, Венгрия искусство академиясынын академиги, түрк тилдүү элдердин жана Борбордук Азиянын фольклорун изилдөөчү, профессор Янош Сипош "Венгер элдик музыкасы: изилдөө, окутуу, сактоо" аттуу доклад менен тааныштырды. Катышуучулардын көңүл борборунда глобалдык трансформация шарттарында элдердин музыкалык жана маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана актуалдаштыруу маселелери болду.
Иш-чарада эки бөлүм иштеди:
* биринчиси – салттуу маданияттын философиялык, тарыхый жана социалдык аспектилери жөнүндө;
* экинчиси – ар кайсы өлкөлөрдө, аны сактоо үчүн практикалык ыкмалар жөнүндө.

Талкуунун жыйынтыгында Конгресстин резолюциясы кабыл алынып, анда бир катар маанилүү багыттар аныкталды:
* салттуу маданият ааламдашуу жана санариптештирүү шарттарында тез арада колдоону талап кылат;
* маданий инфраструктураны өнүктүрүү, каада-салттарды алып жүрүүчүлөрдүн укугун жана статусун коргоо зарыл;
* салттуу маданияттын элементтерин билим берүүнүн тутумуна киргизүү маанилүү;
* мурасты сактоо үчүн санариптик технологияларды колдонуу: онлайн архивдерди, маалымат базаларын жана виртуалдык музейлерди түзүү керек.

Конгресс бир катар конкреттүү демилгелерди көтөрдү:
* Кыргызстанда салттуу музыкалык аспаптар музейин түзүү;
* Материалдык эмес маданий мурастардын улуттук реестрин иштеп чыгуу;
* Салттуу музыканын фонограммаларынын онлайн платформасын жана бирдиктүү архивин түзүү;
* Салттуу музыка боюнча эл аралык кеңештин Борбордук Азиядагы аймактык бөлүмүн ачуу.

Мыкты докладдар жана сыйлыктар
7 катышуучуга мыкты илимий баяндамалары үчүн атайын дипломдор жана 50 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Уюштуруучулар тарабынан мазмундуу жана концептуалдык жактан маанилүү деп белгиленген илимий баяндамалардын ичинен жети баяндама өзгөчө баса белгиленди. Алардын арасында заманбап дүйнөдө салттуу искусствонун ролу жана тагдыры боюнча орчундуу маселелер көтөрүлгөн үч эмгек бар.
Казакстандык искусство таануу илимдеринин доктору, салттуу музыка изилдөөчү Саида Елеманова “Салттуу музыка маданиятынын заманбап дүйнөдөгү орду: чакырыктар жана суроолор” аттуу баяндамасында салттуу музыка академиялык музыкадан эмнеси менен айырмаланары жана ал эмне үчүн дагы эле турмуштук мааниге ээ экендиги – ал жөн гана маалымат бербестен, угуучуну материалдык эмес руханий дүйнө менен байланыштырары жөнүндө ой жүгүрттү.
Тажикстандык УИАнын профессору Аслиддин Низамов өз сөзүндө Борбор Азия элдеринин салттуу музыкасы кылымдар бою бирге жашоо жана маданий өз ара байланыш аркылуу калыптанып келгенин жана бүгүнкү күндө ааламдашуу шартында бул жалпы музыкалык тамырларды кызматташуунун жаңы формалары аркылуу сактап калуу маанилүү экенин баса белгиледи.
Ал эми Өзбекстандын Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Насриддин Назаров "Фольклор жана тил салттуу маданияттын курамдык бөлүгү катары" деген баяндамасында макал-лакаптар, ырлар, эпостор жана эне тили элдин маданий кодун кандайча түзүп, улуттук иденттүүлүктү жана руханий үзгүлтүксүздүктү бекемдөөгө салым кошконун көрсөттү.
Бардык катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан сертификаттар жана КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен ыраазычылык каттар берилди.
Бардык баяндамалар "КР УИАнын кабарлары" журналынын атайын чыгарылышында жарыяланып, авторлорго электрондук форматта жөнөтүлдү.
"Мындай иш-чара окумуштуулар үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү. Бул биздин маданий өзгөчөлүгүбаүздү бекемдөөгө, мурасты урматтоону калыптандырууга жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым болуп саналат", — деп белгилешти уюштуруучулар.
Конгресс 2025-жылы Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан "Рух Санат" масштабдуу фестивалынын бир бөлүгү болуп калды жана үч багытты бириктирет:
- илимий конгресс,
- салттуу музыканын эл аралык сынагы,
- продюсерлер жана чыгармачыл топтор үчүн маркет.

Сүрөттөр