Меню
МАХМУД, ЖУСУП, КЕТБУКАДАН АРСЛАНГА ЧЕЙИН
Академик Абдылдажан Акматалиевдин жаңы тандырдан чыгып, ысыгы тарай элек, даамы ширин «Көркөм сөздүн кудурети” жыйнагы колума тийди. Ачканда эле көз жайнады. Адабиятчылар үчүн алтынга тете Мухмуд Кашгари, Жусуп Баласагын, Закирдин Муканбет Бабур, Бука ырчы, Токтогул Сайдали уулу, Асан кайгы, Толубай сынчы, Калыгул Бай уулу, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Аман Саспаев, Казат Акматов, Самсак Станалиев, Кеңеш Жусупов, Кемел Токаев, Султан Раев, Арслан Капай уулунун чыгармалары иликтөөгө алынып, илимий жана публицистикалык макалалары топтоштурулган. Кыргыз жеринде туулуп өсүп, атыры жыттуу абасына канып, мүрөктөй суусун ичип, кийин дүйнөнү кыдырып, атагы ааламга кетип, канча тилдерге которулган акын-жазуучуларды бир китепке топтоп, чыгармаларына пикир айтып отурган окумуштуунун эмгеги баатырдыкка тете болуптур. Окумуштуу адабиятчы классикага айланган дүйнөлүк чыгармаларды талдоого алып, авторлорунун жазуу чеберчилигин ого бетер илимий көз караштан ачып берет. Китепке белгилүү акын-жазуучулар, сөз берметин терген улуу инсандар топтолгону адамды өзүнө тартып, кызыгууну туудурат.
Чыгармалардагы адамды ойлонткон жагдайлардын, маалыматтардын көптүгү, аны ачып жаткан академиктин жазуу чеберчилиги, оюнун маңыздуулугу, балыктай сүзгөн ийкемдүүлүгү бул китепти баш көтөрбөй окууга түртөт. Жыйнакта академик окумуштуу Бабурдун Сулайман такка үжүрө там тургузганын, Оштун абасын, суусун мактап, кийин “Бабур намеде” укмуштуудай терең философиялуу жана лирикалык ырларды жазганын, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаевдин атасы Кемел Токаевдин детектив романдарды катырган белгилүу жазуучу болгонун, канча жолу система сынса да адамдагы байлыкка, бийликке умтулуу, ач көздүк, өзүмчүлдүк сынбай улам күчөп, дини да, бийликтин авторитардык, демократиялык түрү да тизгиндей албай көңүл кайт болгон замандын маанайын жазган Арслан Койчиевдин романы сыяктуу жалпы журтка таасир берип, көп тилдерге которулуп, адамзатты ойлонууга, толгонууга түрткөн чыгармаларды иликтеп, жиликтеп, айтайын деген оюн астыңызга дасторкон кылып жаят.
Китеп абдан кызыктуу, өзгөчө адабиятчылар үчүн табылгыс таберик болуптур. Бул эмгеги үчүн академик Абдылдажан Акматалиевге миң рахмат!