Меню

A A
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭҢ ЧОҢ БАЙЛЫГЫ - СУУ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭҢ ЧОҢ БАЙЛЫГЫ - СУУ

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту, Орто Азиядагы айлана- чөйрө жана жана экология илим-изилдөө борборунун алдындагы Дүйнөлүк банктын “Resiland CA+” программасы уюштурган “Климаттын өзгөрүү шартында геологиялык коркунучтар жана Орто Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарга баа” аталышындагы эл аралык илимий конференция бүгүн Тарых музейинде болууда.
Конференциянын максаты – коркунучтуу жаратылыш көрүнүштөрүн, аны божомолдоо жана инновациялык мониторинг жүргүзүү, Орто Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарга байланышкан изилдөөлөрдүн жыйынтыгын талкуулоо.
“Бүгүнкү конференция биздин институт жыл сайын өткөрүп келаткан салт боюнча 5-Маматканов окуусу. Себеби академик Маматканов бул институтту түзгөн, өнүктүргөн. Бүгүн конференцияда суу жана гидроэнергетикалык ресурстарды баалоо, алардын өзгөрүшүн талкуулоо иш-чарасы болуп жатат. 1970-2000-жылдар ичинде мындай иштер аткарылып келген, андан кийин токтоп калган. Бүгүн жаратылыштагы өзгөчө кырдаалдар, суунун көбөйүшү, азайышы тууралуу талылуу маселелерди талкуулаганы чогулдук. Быйыл биздин институтка КР Министрлер кабинети мамлекеттик буйрутма берип, бардык Кыргызстандагы сууларды, бассейндерди аныктоону колго алдык. Быйыл Чүй жана Талас бассейниндеги климаттык өзгөрүүнү аныктап жатабыз. Чүйдү алсак, Кочкордогу Кара-Кужур Сөөктөн баштап, Чоң-Кемин, Аламүдүн, Ала-Арча сууларынын пайда боло турган аянтын ар бир 100 метр сайын эсептеп, гистехнологияга алынган жыйынтыгынын негизинде суу агымынын өлчөмүн эсептеп чыкканга мүмкүнчүлүк алуудабыз. Сууларга гистехнологияны пайдаланып, гидрологиялык ыкманы пайдаланып, суу агымынын өлчөмүн эсептеп чыгабыз. Эмдиги жылы Нарын дарыясын, кийинки жылы Ысык-Көл бассейнин, көлдүн тегерегиндеги сууларды, кийинки эки жылда Фергана өрөөнүнүн түндүк-түштүк бөлүгүн, акыркы 2030-жылы Тарим бассейнин, Сары-Жаз,Үзөңгү-Кууш, Чыгыш Кызыл-Суу, Батыш Кызыл-Суу деген куймалардын эсебин чыгарып, аныктап беребиз. Биринчиси - климаттык өзгөчөлүгүнө, экинчиси - гидрологиялык режимине, үчүнчүсү - гидроэнергетикалык дараметине карай эсебин чыгарабыз. Андан соң жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн муктаждыгын чечүү үчүн сууларды эсептейбиз. Жергиликтүү бийлик Аламүдүндүн 4-5 жерине ГЭС курабыз дейт, демек аларга суунун көлөмү керек. Биз суунун кубаттуулугун эсептеп чыгабыз. Андан кийин алар гидротехникалык имараттарды курушат. Ошондуктан биздин маалыматтар аларга абдан керек. 2030-жылы Кыргызстандын эң чоң байлыгы – суу ресурстарынын жалпы көлөмү канча экенин толук айтып беребиз”, - деди КР УИАнын суу проблемалары жана гидроэнергетика институнун директору Рысбек Сатылканов.
Эл аралык илимий конференцияга климаттын өзгөрүүсү, суу-энергетикалык ресурстар, жер алдындагы, жер үстүндөгү суулардын абалы, суу маселесиндеги тобокелчиликтер боюнча доклад жасаган илимпоздор Кыргызстандан, Казакстандан, Өзбекстандан чогулушкан. Конференциянын аягында докладдар боюнча талкуулар жүрүп, резолюция кабыл алынат.

Сүрөттөр