Меню

A A
КЫРГЫЗСТАНДА СУУ РЕСУРСТАРЫН ИЗИЛДӨӨНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

КЫРГЫЗСТАНДА СУУ РЕСУРСТАРЫН ИЗИЛДӨӨНҮН НАТЫЙЖАЛАРЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ

Өткөн жумада Бишкек шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү VI Маматканов окуулары - илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Быйылкы конференциянын темасы — «Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын изилдөөнүн натыйжалары жана келечеги» болду.
Профилдик уюмдардын, мамлекеттик мекемелердин, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышкан конференцияны салтка айлангандай эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Resiland CA+ программасынын алкагында уюштурду.
Конференциянын катышуучуларынын көңүл борборунда Кыргызстандын жана жалпы Борбордук Азия чөлкөмүнүн экологиялык жана социалдык-экономикалык туруктуулугуна түздөн-түз таасир этүүчү маселелер каралды. Алардын катарында климаттын өзгөрүшүнүн шартында суу ресурстары, мөңгүлөрдүн абалы жана динамикасы, жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды сарамжалдуу пайдалануу, кооптуу жаратылыш кубулуштарынын алдын алуу маселелери талкууланды.
Иш-чаранын программасына Институттун, Кыргызгидрометтин, Борбордук Азия университетинин Тоолуу аймактардагы жамааттарды изилдөө институтунун жана М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин өкүлдөрүнүн баяндамалары киргизилди.
Институттун директору Рысбек Сатылкановдун баяндамасында аймактын суу коопсуздугу үчүн өзгөчө мааниге ээ — XXI кылымдын аягына чейин Нарын дарыясынын агымынын мүнөздөмөлөрүндө болушу мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү баалоо маселеси каралды. Бул багыттагы изилдөө иштери Институт тарабынан акыркы 10 жыл ичинде эл аралык илимий өнөктөштөр менен биргеликте Нарын дарыясынын жогорку агымында жүргүзүлүп келген.
М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Криолитология жана гляциология кафедрасынын доценти, география илимдеринин кандидаты Виктор Поповнин тоолуу аймактардын криосферасын комплекстүү изилдөөнүн маанилүү бөлүгү катары гляциологиялык жана геодезиялык мониторинг жүргүзүүнүн ыкмалары тууралуу баяндама жасады. Анын сөзүндө мөңгүлөрдөгү өзгөрүүлөрдүн так көрүнүшүн алуу үчүн салттуу байкоо ыкмаларын заманбап технологиялар менен айкалыштыруу зарылдыгы белгиленди. Ал ушул багытта иш алып барган илимий мекемелердин криосферанын негизги компоненттери боюнча адистешүүсүнүн маанилүүлүгүн негиздеп берди. Алсак, Кыргызгидромет түзүлгөн күндөн тартып кар катмарына мониторинг жүргүзүү менен алектенип келсе, УИАнын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун алдындагы Тянь-Шань илимий борбору 1948-жылдан бери мөңгүлөрдү мониторингдөө жана изилдөө багытында иш алып барууда. Муну менен катар криосферанын дагы бир маанилүү компоненти болгон көп жылдык тоңго да мониторинг жүргүзүү зарылдыгы белгиленди.
Суу ресурстарын изилдөөнүн практикалык аспектилерине техникалык илимдердин доктору Р.Г. Литвактын баяндамасы арналды. Анда Кыргызстандын тоо аралык өрөөндөрүнүн мисалында гидрогеологиялык маселелерди чечүүдө заманбап технологияларды колдонуу, Бишкек шаарынын аймагында ичүүгө жооп бербеген жер астындагы сууларды техникалык муктаждыктарга пайдалануу схемаларын иштеп чыгуу боюнча пландалып жаткан изилдөөлөр тууралуу сөз болду.
Мындан тышкары, Кыргызгидрометтин өкүлдөрү тарабынан мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүү зарылдыгы белгиленди. Институттун адистери Нарын дарыясынын алабындагы чакан дарыялардын гидроэнергетикалык дараметин, анын ичинде Он-Арча дарыясынын мисалында баалоо, шаардык ирригация маселелери боюнча баяндамаларды сунушташты.
Конференцияда кооптуу жаратылыш процесстерине да өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар Кыргыз Республикасындагы сел агымдарын изилдөөнүн актуалдуу маселелерин, Борбордук Азия университетинин илимий кызматкеринин Тянь-Шань тоолорундагы бийик тоолуу көлдөрдүн абалы жана алардын жырылып кетүү коркунучун өнүктүрүү жана болжолдоо маселелерине арналган баяндамасын талкуулашты.
Баяндамалар жандуу талкуу менен коштолуп, катышуучулар көтөрүлгөн маселелердин актуалдуулугун жана аларды чечүүнүн оптималдуу жолдорун табуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Гляциология тармагындагы таанымал адистердин бири, Борбордук Азиялык колдонмо изилдөөлөр институтунун өкүлү Рыскул Усубалиевдин конференцияга катышуусу кесиптик талкуунун мазмунун тереңдетип, каралган маселелерди илимий жана практикалык жактан ар тараптуу талдоого мүмкүнчүлүк түздү.
Быйыл Институт жаш окумуштууларга да өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын баяндоо жана актуалдуу илимий маселелер боюнча кесиптик талкууга катышуу мүмкүнчүлүгүн берди.
VI Маматканов окуулары заманбап суу көйгөйлөрүн өз-өзүнчө кароого мүмкүн эместигин дагы бир жолу тастыктады. Климаттын жана мөңгүлөрдүн өзгөрүшү, дарыялардын агымынын калыптанышы, бийик тоолуу көлдөрдүн абалы, кооптуу жаратылыш процесстери жана сууну пайдалануу маселелери бири-бири менен тыгыз байланышта. Ошондуктан бул багыттар комплекстүү илимий мамилени, үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү, терең изилдөөлөрдү жана ар түрдүү тармактардагы адистердин өз ара кызматташуусун талап кылат.
Конференция илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен алмашуу, кесиптик диалог жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын сактоого, тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган мындан аркы изилдөөлөрдүн келечегин аныктоо үчүн маанилүү аянтча болду.

Сүрөттөр