Меню
АКЫН, КОМУЗЧУ, САНЖЫРАЧЫ, САЯПКЕР, ТАБЫП ЖАНА УСТА БОЛГОН
Бүгүн, 17-ноябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган “Ниязалы Борош уулунун чыгармачылык мурасы жана комузчулук өнөр: айтым күү феномени, “устат-шакирт” өнөрканасы” аталышында республикалык илимий-практикалык конференция өттү.
Ага Кыргыз Республикасынны мамлекеттик катчысы Арслан Капай уулу, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлшаркан Култаева, Камила Талиева, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары, стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, КР маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков жана академиктер, этномузыка, музыка, фольклор багытында окуган студенттер, музыкалык билим берүү мекемелеринин окутуучулары катышты.
Конференцияны КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Гульнара Ботоканова ачып, Ниязалы Борош уулунун “Арсар күү”, “Камбаркан Ниязалы”, “Кер толгоо”, “Карөзгөй”, “Ботой Ниязалы” сыяктуу жүздөгөн күүлөрү бир кылым өтсө да өз маанисин арттырып келатканын, улуу инсандын күүлөрү боюнча алдыда кандидаттык, доктордук диссертациялар жазылышы керектигин айтты.
“Күү – элдүүлүктү сактоодо ролу абдан чоң. ХХ кылымдагы кыргыз элинин күүлөрүн жаратуу, чертүү миссиясы ушул адамдын бактысына буйруган экен. Жеңижок, Атай, Токтогулдардын устаты Ниязалы Борош уулу. Белгилүү музыка изилдөөчүлөр Виноградовдун, Затаевичтин Ниязалы Борош уулу, анын чыгармачылыгы жөнүндө айткандарын изилдеп, такташ керек. 3000 жылдык тарыхында кыргыз эли канча күү чыгарганы белгисиз, бирок акыркы 150 жылда Ниязалы Борош уулу 1000 күү чыгарган экен. Ал соңку 200 жыл ичиндеги тарыхыбызда - гений. Европадагы Моцарт, Бетховен кандай болсо кыргыздар үчүн Борош уулу ошондой гений. Ниязалынын күүлөрүнүн ичинде “Полотхандын кайгысы”, “Бабурдун арманы”, “Ибрагим саруу” күүлөрүнүн өзү дагы тарыхый булактар. Эмне себептен 1500 жыл мурда жашап өткөн инсандардын аттарын колдонуп, ошолордун урматына күү чертип жатат? Аны өзү чыгарганбы же бар күүлөрдү аткарып бизге жеткиргенби? Ушул жагдайларды да изилдөөнү өтүнөм”, - деди мамлекеттик катчы Арслан Капай уулу.
Ниязалы Борош уулунун 170 жылдыгын өткөрүү иш-чарасы Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшаркан Култаеванын түздөн-түз демилгеси менен КР Министрлер Кабинетинин токтомунун негизинде уюштурулуп келатат. Гүлшаркан Култаева өз сөзүндө атасы Ниязалы Борош уулунун күүлөрүн ар дайым чертип, аны урматтап келгенин эскерип, улуу инсан менен Аксы районунун бир айылынан экенине, аны көтөрүү, элге жайылтуу вазийпасы ага жүктөлүп жатканына сыймыктанаарын билдирди. Ал Россия мамлекеттик архивинен алынган жана 1936-1939-жылдары “Кызыл Кыргызстан” гезитине чыккан маалыматтарды УИАнын вице-президенти Гульнара Ботокановага тапшырып, улуу комузчуну изилдөөчүлөр чыкса деген тилегин билдирди.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева мааракелердин, эскерүүлөрдүн изи изилдөөдө жана китептерде гана калаарын, Ниязалы Борош уулунун миңден ашык күүлөрүнүн 300дөйү гана муундан-муунга өтүп чертилип калганын айтып, Ниязалы Борош уулу тууралуу илимий изилдөөлөр башталышы керектигин билдирди.
“Улуу устаттарды кийинки муунга калтырып кетүүдө жана жайылтууда чоң мааниси бар иш-чара деп эсептейм. Бир канча күүлөрдүн устаты, айтым күүлөрдүн чебери Ниязалы Борош уулунун чыгармалары эки кылымга чукул убакыт өтсө да ал жараткан күүлөр бүгүн да маанисин, атагын жоготкон жок. Анын башкалардан өзгөчөлүгү – комузда кол ойнотуп, күүгө кошуп ыр аткаргандыгы да анын чеберчилиги. Ал жаш кезинен эле татаал күүлөрдү черте баштаган. Өз мезгилинин таланттуу комузчулары Жеңижок, Эшмамбет, Жаныбай сыяктуу элдик оозеки чыгармачылыктын чеберлерине кошулуп, алардан таалим-тарбия алган. Ак таңдай акын Токтогул Сатылгановдун устаты болгон. Ниязалы Борош уулунун акындык, комузчулук, санжырачылык өнөрүнөн сырткары ал ат таптаган саяпкер, адамдарды жана малды дарылаган табып, өз комузун өзү чапкан уста да болгон экен. Улуу устаттын улуу күүлөрү ар дайым жаңырып турсун”, - деди Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова.
Андан соң илимий баяндамалар угулуп, окумуштуулар, акын-жазуучулар Ниязалы Борош уулунун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө докладдарын окушту.