Меню
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛООНУ ӨТКӨРҮҮНҮН КОНСТИТУЦИЯЛЫК-УКУКТУК ЖАКТАН НЕГИЗСИЗДИГИ ЖӨНҮНДӨ
Азыркы учурда коомдук мейкиндикте Кыргыз Республикасынын азыркы Президентинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин демилгелеген («75 кишинин каты» деп аталган) кайрылуунун таралышына байланыштуу, биз, илимий академиялык коомчулуктун өкүлдөрү, өзүбүздүн укуктук позициябызды билдирүүнү зарыл деп эсептедик.
Белгилей кетүүчү нерсе, катта көрсөтүлгөн, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттик эгемендүүлүккө доо кетирген демилгелер улуттук кызыкчылыктарга жана колдонуудагы мыйзамдарга шайкештиги жагынан катуу юридикалык талдоону жана баа берүүнү талап кылат.
Ыйгарым укуктардын мөөнөтүнүн легитимдүүлүгүнө конституциялык-укуктук талдоо жүргүзүүнүн алкагында: жаңы шайлоо өткөрүү зарылдыгы жөнүндөгү тезис юридикалык жактан негизсиз болуп саналат жана ченемдик-укуктук актылардын убакыт мейкиндигинде колдонулушун жөнгө салуучу укук ченемдерин туура эмес чечмелөөгө негизделген. Биздин позициябыз төмөнкүлөргө таянат:
1. Укуктук тактык принциби. Президент С.Н. Жапаров 2021-жылдын 10-январында ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарга так ылайык, 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Бийликтин жападан жалгыз булагы болгон (КР Конституциясынын 2-беренеси) элдин бул эрк билдирүүсүнүн легитимдүүлүгү шек туудурбайт.
2. Өткөөл жоболордун колдонулушу. 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган, 5 жылдык мөөнөттү белгилеген (Конституциянын 68-беренеси) Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы мурда алынган мандатты жокко чыгарбайт. Бул коллизия мыйзам чыгаруучу тарабынан императивдик түрдө чечилген. 2021-жылдын 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, 2021-жылдын 10-январындагы шайлоодо шайланган Президент өз ыйгарым укуктарын ошол эле мөөнөткө (алты жыл) жүзөгө ашырат. Аталган мөөнөт мыйзам түрүндө шайлануунун биринчи мөөнөтү катары квалификацияланат.
3. Шайлоо процессин регламенттештирүү. 2025-жылдын 28-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген (Конституциялык мыйзамдын 48-беренеси). Кезектеги шайлоо ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаган жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөрү ченемдик түрдө бекитилген. Демек, мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө ар кандай талаптар укуктун үстөмдүгү принцибине жана мамлекеттик бийликтин туруктуулугун камсыз кылууга багытталган Конституциянын духуна карама-каршы келет.
Жогоруда аталган каттагы экономикалык саясатты сындаган пикирлер үстүртөн каралып, макроэкономикалык пландоонун, мамлекеттик башкаруунун фундаменталдык принциптерин эске албайт. Тагыраак айтканда:
1. Мамлекеттик карызды башкаруу жана инвестициялар. Номиналдык тышкы карыздын өсүшү (4,2 млрд. АКШ долларынан 5,4 млрд. долларга чейин) «керектөө карызы» моделинен «өнүгүү карызы» моделине өтүү менен шартталган. Тартылган каражаттар жогорку мультипликативдик натыйжага ээ болгон, капиталды көп талап кылуучу инфраструктуралык долбоорлорго (энергетика, транспорттук логистика) багытталган. Ошол эле учурда мамлекеттин финансылык туруктуулугунун көрсөткүчтөрү позитивдүү динамиканы көрсөтүүдө: бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүшү (4 эседен ашык) жана алтын-валюта резервдеринин көбөйүшү (2,8 млрд. АКШ долларынан 10 млрд. долларга чейин) карыздык милдеттенмелерди өз убагында тейлөөнү кепилдейт.
2. Глобалдык инфляция шарттарындагы социалдык саясат. Кыргыз Республикасындагы инфляциялык процесстер, негизинен, дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия алып жүрүүчүлөр рынокторундагы конъюнктура менен шартталган импорттолуучу мүнөзгө ээ. Бирок мамлекеттик жөнгө салуу чаралары пенсияларды, жөлөкпулдарды жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин айлык акыларын индексациялоо калктын реалдуу кирешелеринин инфляциянын темпинен озуп өсүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
3. Эмгек рыногунун трансформациясы. Статистикалык маалыматтар миграциялык агымдын төмөндөгөнүн (мисалы, Россия Федерациясындагы Кыргызстандын жарандарынын саны 900 миңден 341 миңге чейин кыскарганын) күбөлөндүрөт, бул өлкө ичиндеги ишкердик активдүүлүктүн өсүшү, чакан жана орто ишкердиктин жаңы субъекттеринин ачылышы жана жумуш орундарынын түзүлүшү менен корреляцияланат.
Азыркы учурда Президент С.Н. Жапаровдун саясий эркинин жана мамлекеттик аппараттын натыйжалуу ишмердигинин аркасында өлкөдө конституциялык тартип калыбына келтирилди. Аткаруу бийлигинин вертикалын чыңдоо аркылуу коомдук коопсуздук, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы реалдуу күрөш камсыз кылынганын белгилей кетүү керек. Ошентип, мындай кат-кайрылуу демократиялык жол-жоболорго жамынып алып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга чакырык катары чечмелениши мүмкүн. Андыктан бул аракеттер саясий жактан жоопкерчиликсиз жана юридикалык жактан негизсиз болуп саналат.
Биз, төмөндө кол койгондор, төмөнкүлөрдү ырастайбыз:
1. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо үчүн укуктук негиздер жок.
2. Өлкө жетекчилигинин азыркы курсу улуттук кызыкчылыктарга жооп берет жана экономикада, социалдык чөйрөдө конкреттүү натыйжаларды көрсөтүүдө.
3. Кыргызстандын келечеги саясий авантюраларда эмес, коомдун биримдигинде, Конституцияны сактоодо жана жаратман эмгекте.
Жарандык коомду жана саясий күчтөрдү конструктивдүү диалогго жана мыйзамдуулукту кынтыксыз сактоого чакырабыз.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана илимий коомчулуктун атынан:
Президент,
корреспондент мүчө К.Е. Абдрахматов
Мамлекет жана укук институтунун
директору, юридикалык илимдердин доктору К.Ч. Бердалиев