Меню

A A
КР УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ЭҢ МААНИЛҮҮ АЧЫЛЫШТАРЫ ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

КР УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН ЭҢ МААНИЛҮҮ АЧЫЛЫШТАРЫ ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

1975-жылы академик П. И. Чалов жана профессор В. В. Чердынцев тарабынан Уран-234 жана Уран-238 изотопторунун табигый бөлүнүү кубулушу ачылган. Бул ачылыш радиоактивдүү катарлардын бардык изотопторунун табигый шарттардагы бөлүнүү мыйзамченемдүүлүктөрүн аныктоого өбөлгө түзүп, урандык чийки затты издөөдө радиоактивдүү аномалияларды чечмелөөнүн жаңы ыкмасын иштеп чыгууга мүмкүндүк берген. Уран-234түн ашыкча көлөмү менен мүнөздөлгөн тең салмаксыз уран геологиялык убакытты өлчөөнүн жаңы ыкмасы катары, океандык түзүлүштөрдүн мезгилин коюу үчүн колдонулган.
• 1982-жылы академик О. Д. Алимовдун жетекчилиги астында «Венера-13» жана «Венера-14» космостук илимий эксперименттеринде колдонулган топурак алуу үчүн буроо жабдуулары иштелип чыккан. Алардын жардамы менен алгач ирет Айдын топурагын бургулоо жана химиялык курамын талдоо жүргүзүлгөн.
• 1986-жылы руда эмес пайдалуу кендердин (Чаткал) жана титан-магнетит рудаларынын (Талас) кен байлыктарынын жаңы кен жайлары ачылган
1987-жыл Ж.Жеенбаевдин жетекчилиги менен «Нур» аттуу спектралдык анализ жүргүзүүчү жабдуу иштелип чыккан. Бул жабдуу эки агымдуу плазматрон ДГП-50 негизинде түзүлгөн. Анын конструкциялык өзгөчөлүктөрү жабдууну үзгүлтүксүз жана узак убакыт иштетүүгө мүмкүндүк берет. «Нур» жабдуусунун колдонулушу анализге даярдык убактысын кыскартып, үлгүлөрдү бузуу же булгануу сыяктуу системалуу катачылыктарды болтурбоого шарт түзөт.