Меню

A A
КОЛ ӨНӨРЧҮЛӨРДҮН БРЕНДИ – АМАНТУР АКМАТАЛИЕВ

КОЛ ӨНӨРЧҮЛӨРДҮН БРЕНДИ – АМАНТУР АКМАТАЛИЕВ

Бугүн, 17-декабрда көрүнүктүү элдик этнограф Амантур Акматалиевдин 90 жылдыгына карата “Салттуу маданият – элдин унгусу” деген темада илимий-практикалык конференция болууда.
“Кол өнөрчүлөрдүн эмгегин, оозеки чыгармаларды аздектеген адамдардын арасында Амантур Сейтаалы уулу кыргыз баалуулуктарын чогултуп, китеп кылып чыгарып, 30-40 жыл мурда эле эбегейсиз эмгектерди жасап кеткен. Бүгүн Амантур Акматалиев кол өнөрчүлөрдүн арасындагы кыргыздын бренди. Чыныгы кыргыздын этнографы. Маданият, искусство таануунун өкүлү. Анын уулу Абдылдажан Акматалиев атадан кем эмес, атага тең уул”- деди КР УИАнын философия институтунун директору Нур Саралаев.
Конференцияда Амантур Сейтаалы уулун эскерүү үчүн Мелис Мураталиев, академиктер Сыртбай Мусаев, Абылабек Асанканов, элдик чебер, КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Шейшембек Монолдоров, мамлекеттик картография мекемесинин башкы адиси Темиркул Эшенкуловдор сүйлөштү.
Экинчи бөлүгүндө илимий баяндамалар жасалды. Андан соң Амантур Акматалиевдин “Кыргыз этнографиясы боюнча түшүндүрмө сөздүк” деген китебинин бет ачары болду.
Түштөн кийин секциялык отурумдар уланып, анда этнограф-изилдөөчүнүн эмгектери жөнүндө баяндамалар окулат.
Кыргыздын чыгаан этнограф журналисти, публицисти, агартуучусу жана көркөм өнөр таануучусу Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев 1934-жылы 12-декабрда Кочкор өрөөнүндө туулган.
1951-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын, 1954-жылы Нарын мугалимдер институтун, 1966-жылы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. 1954-72-жылдары Лейлек жана Нарын райондорунда мугалим, мектеп директору, “Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, Нарын районунун “Коммунисттик эмгек” гезитинин баш редактору болуп иштеп, 1991-жылдан бир нече жыл бою “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги тыш кабарчысы катары иштеп, кыргыз көркөм өнөрү жана каада-салттары тууралуу баяндарды обого чыгарган. 1993-жылдан тартып “Манас-1000” Мамлекеттик дирекциясында этнография боюнча адис болуп иштеген.
Кыргыз педагогика илим изилдөө институтунда көп жыл кызматкер болгон. “Чыныгы кыргыздын өсүшүн тилейбиз. Анткени азыркы кырдаал опурталдуу, Кыргыз улуту жоюлууга тийиш эмес. ХХI кылым билимдүүлөрдүн, илимдүүлөрдүн кылымы. Кыргыз эли "төө бастыда" калбаса болгону!” - деп жазган. 2002-жылдын 30-август күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Сүрөттөр