Меню
КЕНЕ АРКЫЛУУ ЖУГУУЧУ ВИРУСТУК ЖАНА БАКТЕРИЯЛЫК ООРУЛАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институту KG 2777 — «Кыргызстандагы кене аркылуу жугуучу вирустук жана бактериялык ооруларга мониторинг жүргүзүү» аттуу долбоорун ийгиликтүү аяктагандыгына байланыштуу бүгүн, 18-ноябрда “Орион” мейманканасында “Жогорку патогендүү агенттерден келип чыккан жугуштуу оорулардын пайда болушу» темасында семинар өткөрдү.
Иш-чаранын модератору, КР УИАнын академиги Асанкадыр Жунушов болду. Семинарга Франциянын Кыргызстандагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фей, Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн биомедициналык изилдөө институтунун (IRBA) окумуштуусу Оливье Горж, КР УИАнын Биотехнология институтунун директору Акрам Мадумаров, Франциянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчилигинин атташеси, полковник Дерриен, КР УИАнын Биотехнология институтунун илимий кызматкерлери Ирина Брейнингер, Искендер Асанкадыров жана эл аралык уюмдар — Франциянын эл аралык кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттиги (Expertise France), Астанада жайгашкан Эл аралык илимий-техникалык борбордун (ЭИТБ) өкүлдөрү жана биотехнология институтунун изилдөөчүлөрү катышты.
Анда KG 2777 долбоорунун негизги жыйынтыктоочу ишине жалпы анализ берилип, Ферменттик иммуносорбенттик анализдин (ELISA) жыйынтыктары чыгарылды. Талаа изилдөөлөрү, чогултулган биологиялык материалдардын көлөмү жана өзгөчөлүктөрүнө баа берилди.
Долбоор Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн биомедициналык изилдөөлөр институту (IRBA) менен биргеликте Expertise France уюмунун каржылоосу жана Эл аралык илимий-техникалык борбордун (ЭИТБ) колдоосу астында ишке ашырылды.