Меню
“КАТКЕЛДИ БАЛА” ИЛЬГИЗ АЙТМАТОВДУН ЭСТЕЛИГИ КОЮЛДУ
Бүгүн, 11-сентябрда “Ала-Арча” мемориалдык көрүстөнүндө академик Ильгиз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземи болду. Ага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, вице-президенти Чолпонкул Арабаев, коомдук ишмер Роза Айтматова, академик, Ильгиз Айтматовдун жубайы Розалия Женчураева, Чыңгыз Айтматовдун, Ильгиз Айтматовдун ууллары, кыздары, туугандары, академиктер, окумуштуулар, кесиптештери катышты.
“Мындан туура бир жыл мурда, август айында биз сүйүктүү агабыз Ильгиз Төрөкуловичти акыркы сапарга узатканбыз. Бүгүн айкелин ачуу аземине келип отурабыз. Былтыр мамлекеттик деңгээлде сөөгүн чыгарууну уюштуралы дегенде жесири Розалия Жамангуловна каршы чыгып, өзүнүн керээзи ушундай болчу деп жөнөкөй гана узатылган. Ильгиз Төрөкуловичтин жаткан жери жайлуу болсун”, - деди Эдиль Байсалов.
Андан кийин кесиптеши, академик Апас Бакиров мындай деди: “Ильгиз Төрөкулович атактуу окумуштуу, Кыргызстанда тоо илимдер тармагы боюнча лидер болчу. Геология тармагы боюнча билим алса дагы кийин тоо иштери тармагында иштеген. Зоо кайсы учурда жарылат, тоо кайсы жагына кысылып жатат, тоо кайсы учурда атылат деген маселеде тынбай иштеп, илимий ачылыш жасаган. Тоо тектери кысылып туруп токтоп калат дагы, импульс болгон учурда чыңалуу көпкө чейин сакталып туруп жарылып кетет экен. Ушуну аныктап, чон эмгек жасаган. Бул адамдын илимге салган салымы абдан чоң. Жүрүм-туруму да абдан интеллигенттүү болгон. Жаткан жери жайлуу болсун. Балдарына узун өмүр берсин”.
Бир тууган карындашы Роза Айтматова: “Биздин балалык кез согуш учуруна туш келди. Ошондо чоң кишилердин жумушун майда балдар аткарган. Чыңгыз агам Шекер айылынын сельсоветинде секретарь болуп иштесе, Ильгиз Төрөкулович 12 жашынан тарта Жийде айылынын почточусу болгон. Элдин жазган каттарын Жийдеден жыйнап алып, райондун почтасына өткөрүп, почтадан Жийдеге каттарды алып келип, дареги боюнча каттарды үймө-үй таркатат. Короосуна жакындаганда “Кат келди! Кат келди!” деп кыйкырат. Үйүнөн чыккан адам “Согушта жүргөн балабыз тирүү турбайбы, кат жазса демек тирүү да” деп кубанып катты алышат. Андан кийин башка үйгө барып “Кат келди!” деп чакырат. Ошентип каттардын баарын таркатат. Ошондон кийин анын атын айылдыктар “Каткелди бала” деп атап алышат. 1946-жылы “Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тылда сиңирген эмгеги үчүн” деген медалды 15 жашар Ильгиз Айтматовго тапшырышкан. Кийин билим алып, академик болуп, көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарды алса дагы Ильгиз Айтматов “бардык сыйлыктарым бир тең, 15 жашымда алган медалым бир тең. Мен анда эл үчүн колумдан келген жардамымды бергем” деп айткан эле. Эстеликти белгилүү скульптор Тамила Маматова жасады, ал Каткелдинин образын да берди. Тамилага чоң рахмат!”
Жубайы Розалия Женчураева: “Келгениңиздерге чон рахмат. Ильгиз Төрөкуловичтин эстелигин Тамила Маматова чыгармачылык менен абдан жакшы жасады. Ал Кыргызстандын келечектеги сыймыгы. Аны чет элдиктер жакшы билишет. Кыргыз эли тынчтыкта, ынтымакта жашасын.”
Иш-чаранын аягында Ильгиз Айтматовдун неберелери эстеликти ачып, куран окулду.