Меню

A A
КАПАСТА КАМАЛГАН КОЛ ЖАЗМАЛАР

КАПАСТА КАМАЛГАН КОЛ ЖАЗМАЛАР

Кыргыз фольклорунун эң алгачкы жазмалары 1916-жылга таандык. 1921-жылдары Таласта жана Тон районунда кыргыз фольклорунун үлгүлөрүн жыйноо жана жарыяга даярдоо максатында алгачкы элдик оозеки чыгармачылык ийримдер уюштурулган. 1922-жылы казак-кыргыз илимий комиссиясынын И.Арабаев, К.Тыныстанов демилгеси менен Түркстан мамлекеттик окумуштуулар кеңеши алдында Каюм Мифтаков, Сооронбаев, Ыбрай Абдурахмановдордон турган фольклордук экспедиция түзүлүп, алар Нарын уездинде эпосторду, жомокторду, тамсилдерди, уламыштарды, макал-лакаптарды жыйноого киришкен. Ошондон тартып Сагынбай Орозбаковдон “Манасты” жазып алуу иштери башталган.
Кыргыз Автоном облусу түзүлгөндөн кийин ар кайсы элдерде, айылдарда чачыранды болуп ар кимдин колунда сакталып келген фолькордук фонддору 1925-жылы Фрунзеде ачылган Кыргыз Автоном облусунун Эл агартуу комитетинин алдындагы илимий комиссиянын карамагына өткөрүлгөн. 1926-жылы комиссиянын кызматкерлери Мифтаков жана Шабданов чогултулган фольклордук материалдарды системалаштыруу жана илимий иштеп чыгуу боюнча алгачкы аракеттерди жасап, кол жазмаларды паспорттоо жана библиографиялык сүрөттөө боюнча көрсөтмөлөрдү иштеп чыгышкан.
Эски басма китептер менен кол жазмаларды сактоонун маанисин эске алуу менен 2014-жылдары бул бөлүмдүн материалдары санариптештирилген. Алар:
Чагатай тилиндеги 560 аталыштагы эски басма китеп жана кол жазмалар;
Фарсы тилиндеги 89 аталыштагы эски басма китеп жана кол жазмалар;
Араб тилиндеги 189 аталыштагы эски басма китеп жана кол жазмалар.
Айта кетчү сөз, мунун баары КР УИАнын Адабият институтунун жетекчиси Абдылдажан Акматалиевдин жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан көп иштердин бири.

Манасчы Сагынбайдын, Саякбайдын оозунан жазылып алынган араб, латын арибиндеги кол жазмалар, К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, А.Осмоновдун өз колдору менен жазган барактары, ырлары, араб, перси, латын тамгаларында жазылган жүздөгөн эмгектер папканын, темир текченин ичинде турат.
Алар айнек кутулардын ичинде барактарынын бети ачылып, Илимдер академиясынын көрүнүктүү жеринде турса сонун болмок деген ойду айткым келет.

Сүрөттөр