Меню

A A
ИЛИМИЙ АДИСТЕРДИН ТАЖРЫЙБАСЫН КОЛДОНУУ ЗАРЫЛ. ЖАРЛЫК ЭМНЕ БЕРЕТ?

ИЛИМИЙ АДИСТЕРДИН ТАЖРЫЙБАСЫН КОЛДОНУУ ЗАРЫЛ. ЖАРЛЫК ЭМНЕ БЕРЕТ?

“Илимий ишти реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” 6-апрелде чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин № 135 Жарлыгына КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов өз оюн билдирди.
Бул Жарлыктын ишке ашуусу үчүн көп жолу жазганбыз, чуркаганбыз. Буюрса, Жарлык чыкты, эми 10 күндөн кийин күчүнө кирет. Бизде өзүн-өзү каржылаган институттар бар, аларга мамлекет акча бербесе деле өзүнүн жанын багып кетет. Айрымдары мамлекеттин жардамы менен гана иштейт. Биз азыр комиссия түзөбүз, кайсы институт канча акча табат, аны кандай бөлүштүрөбүз, ушул маселени чечиш керек. Кээ бир акчаны жакшы тапкан институттар “акчабызды бөлүшпөйбүз” деп жатышат. Бул туура эмес. Биз бир Улуттук илимдер академиясынын чатырынын астында турабыз. Биримдик болбосо бизди бат эле чачыратып салышат. КР Президенти Садыр Нургожоевич абдан ишенип жатат, ал ишеничти актап, ишке ашырышыбыз керек.
Кыргызстандын тоолорунда өскөн дары өсүмдүктөрдү өзүбүз плантация кылып өстүрүп, өзүбүз дары чыгарсак эмнеге болбосун? Биз аларды кандай жасашты билебиз, бирок мамлекеттен учурунда жардам болгон жок. Ал боюнча өзүнчө программа менен Министрлер Кабинетине кирдик. Ага көмөк бергени жатышат. Ал эми Геология институтуна Адылбек Алешович өзү барып, “глауконит минералын жер семирткич катары пайдалансак, жер-жемиштердин түшүмдүүлүгү артат турбайбы”, - деп бул долбоорго 99 млн сом бөлгөнү жатат.
Академиябызда экспертиза жасаган адистерибиз көп. Бирок алар билимин, тажрыйбасын жөн эле сапырып жатышат. Адистер бекер кеңештерин беришет. Жарлыкта жазылгандай, эми биз билимибизди, илимге негизделген тажрыйбабызды сатканга укуктуубуз.
Жарлыктын өзгөчөлүгү – өзүбүз ар кандай долбоорлорду иштетип каражат таап, аны башкарууга, өзүбүз жасаган экспертизага, ага баа койгонго, мындан ары тапкан каражаттарды өзүбүз иштеткенге жол ачылып жатат.