Меню
ФИЛОСОФ, ОЙЧУЛ, УЮШТУРГУЧ
Айтканыбыздай эле бүгүн, 13-ноябрда академик, УИАнын вице-президенти болгон окумуштуу, философ, коомдук ишмер Азиз Салиевдин 100 жылдыгы Улуттук илимдер академиясында белгиленди. Аны Нур Саралаев баштаган УИАнын философия институту уюштурду.
Алгачкы сөздү УИАнын экс президенти, академик, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев баштап, мындай деди: “Мен студент кезимен эле Азиз Салиевди таанычумун, кийин таалимин алдым. Өтө уюштургуч адам болчу. 28 жашында Жазуучулар союзунун төрагасы болуп барды. Аны Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбековдор “бала начальник” дешчү экен. Анын философияга, адабиятка, искусствого мамилеси өзгөчө болгон. Биринчи болуп музыкалык мектептердин системасын уюштурган. Философия булактарын калтырбай окуп, психология илимин терең өздөштүргөн. Өтө жөнөкөй, ыймандуу киши эле”.
Жыйынга катышкан белгилүү коомдук ишмер, УИАнын ардактуу академиги Жумагул Сооданбеков: “Мен Азиз Салиев менен сүйлөшүп калганда, “согуштан канатым кыркылып, көзүм жакшы көрбөй калды, сен окуп берчи деп калаар эле. Окуп берсем, куйма кулак эле, ошол абалында жазган китептери мына колубузда турат. Психологияны, ой кубулуштарын көп окучу, ошол боюнча көп жазды. “Материя биринчи” деген догмаларга абдан бушайман болчу. Ой, түпкү аң-сезим, адамдын акылы менен көп иштер жасалаарын далилдеди. Ой материалдашат. Азыр жасалма интеллект табигый интеллектти басып баратат. 2050-жылы белгилүү профессорлордун баары жок болот. Өндүрүш, өнөр-жай кылымын маалыматтык кылым баскан болсо, эми жумушсуздардын доору башталаарын Илон Маск айтып жатат. Жасалма интеллектте сезим жок, ал акыл менен гана иштейт. Баарына чип коюлуп, адамзат жок болушу мүмкүн. Алдыда акылдын азабын тарткан коркунучтар келатат”.
“Азиз Салиев көркөм адабий чыгармаларды терең талдаган. Адабият теориясына таянуу менен мазмунуна жетиштүү баа берген. Котормо жаатында да үзүрлүү эмгектенген. Маркс, Лениндин эмгектерин кыргызча которгон. Көптөгөн искусство, маданият жаатындагы эмгектердин редактору болгон. Илимий ишмердүүлүгү философия, психология жана логика жаатындагы теориялык изилдөөлөргө арналган. Салиевдин ойго байланыштуу маселени теориялык деңгээлде караган эмгектери жүздөгөн карама-каршылыктарды жараткан. Жазган илимий макалаларын өтө татаал сүйлөмдөр менен берген дешип, жеңил жазууга мажбурлашкан. Жарым кылымдык илимий ишмердүүлүгүндө академик Азиз Салиев абдан көп эмгектенген”, - деди академик Рысман Мукасов.
Академик Абдылдажан Акматалиев Азиз Салиевдин эки чоң эмгегин айтты. Биринчиси, Чыңгыз Айтматовду Москвадагы Горький атындагы адабият институтуна окууга жөнөткөнү, экинчиси аны Ленин орденине көрсөткөнү болгон. Кийин гана Айтматовдун чыгармаларына кинолор тартылып жатканда режиссерлордон кеткен одоно каталарды Азиз Салиев айтып чыккан. Аны Айтматов түшүнүү менен кабыл алган.
Философия илимдеринин доктору, коомдук ишмер Клара Ажыбекова да сөз сүйлөп, Азиз Салиевдин терең билимдүү инсан, мыкты философ, ойчул жана интеллектуалдык деңгээли бийик болгонун айтты.