Меню

A A
ЭЛДИК КУРУЛТАЙ – КООМДУК ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ЖЫЙЫН

ЭЛДИК КУРУЛТАЙ – КООМДУК ӨКҮЛЧҮЛҮКТҮҮ ЖЫЙЫН

Чолпонкул Арабаев, академик, КР Президентине караштуу УИАнын вице-президенти, ю.и.д. профессор
“Эскини эскермейин жаңыны жаратуу кыйын” демекчи, карт тарыхтын эчендеген сыноолоруна кабылган ата-бабаларыбыз байыртан мезгил-мезгили менен элдин башын кошуп, туруктуу мамлекеттик бийликти орнотуу үчүн курултай өткөрүп, анда каралчу орчундуу, курч маселелерди алдын ала макулдашып, даярдыгы бар, элдин каада-салтын, турмуш-тиричилигин, ой-санаасын, тарыхын мыкты билген элдин өкүлдөрү чакырылып, эл башчылары менен эл жакшылары чогулуп маселе чечишкен.
Конституциянын 7-беренесине ылайык Элдик курултай – коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын. Элдик курултайдын жалпы жыйыны бир жылда бир жолу КР Президенти Улуттук Кеңештин сунушу боюнча Элдин Курултайды өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен аны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат. Элдик Курултайдын катчылыгы курултайдын делегаттарын шайлоо тартибин, уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди камсыз кылат.
70-беренеде Президент Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотот; Элдик Курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу жасайт; Элдик Курултайдын жыйналышында чыгып сүйлөөгө укуктуу.
Элдик Курултай анын жалпы жыйыны – курултайды өткөрүү мезгилинде гана шайлануучу 700 делегаттан турат жана алардын квоталарга бөлүнүшү КР Президентинин чечими менен региондук, тармактык, этностук, улуттук жана жаш курактык таандыктуулугу өкүлчүлүк таянымы боюнча, ал эми делегаттарды шайлоону өткөрүүнун тартиби Улуттук Кеңеш бекиткен жобо аркылуу, курултайды өткөрүү тартиби Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан бекитилген рекламент менен аныкталат.
Элдик Курултайда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан маанилүү маселелер талкууланат. Мисалы, референдумга коюла турган сунуштар, коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган концепциялар, программалар, мыйзам долбоорлору, өлкөнү руханий-маданий жактан өнүктүрүү, элдик салттарды жана мурастарды сактоо, мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилелерин, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалын, экологияны сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, региондор жана этностор аралык талаш-тартыштарды чечүү, элибиздин тарыхый, материалдык руханий мурастарын сактоо боюнча сунуштар каралат.
Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши курултайдын делегаттары сунуштаган талапкерлердин арасынан шайланган 17 мүчөдөн турат, анын курамынан төрагасы жана эки орун басары шайланат. Улуттук Кеңеш курултайдын иш убагында анын кароосуна кирүүчү маселелерди даярдоону жүзөгө ашыруучу жана Элдик Курултайдын ишин координациялоочу, Элдик Курултайдын жетектөөчү жана багыт берүүчү органы катары коомдук башталышта иштейт. Улуттук Кеңеш Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобону, Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү тартибин жөнгө салуучу регламентти иштеп чыгат. Улуттук Кеңештин төрагасы Элдик Курултайдын жана Улуттук Кеңештин атынан мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат. Улуттук Кеңеш 7 адамдан турган Элдик Курултайдын катчылыгын шайлайт. Улуттук Кеңештин иштөө тартиби Элдик курултайдын регламентинде аныкталат.
Элдик Курултай институту нагыз элдик жыйынга айланып, Улуттун улуу көчүн улайт деген терең ишенимдемин, анткени өлкө башчыбыз урматтуу С.Н.Жапаров өзүнүн саясий эрки менен Элдик Курултай институтуна терең көңүл буруп, мамлекеттик органдардын бул институт менен тыгыз иштешин талап кылууда.