Меню
ДАРЫ ӨСҮМДҮКТӨР “КУМТӨР” АЛТЫНЫНАН ДА КЫМБАТ
Кыргыз тоолорунда өскөн дары өсүмдүктөрдүн ден соолукка баалуулугу айтып бүткүс. Аны тонналап Түштүк Кореяга, Кытайга, Өзбекстанга чыгарып кетип жаткандар көп. Алардан укмуштуудай дарылар, косметика жасалат. Биз эмнеге анта албайбыз? Бул боюнча атайын адис менен маектештим.
УИАнын Химия институтунун өсүмдүк ресурстары жана фитотехнология лабораториясынын башчысы Нуралы Бурканов буларды айтып берди.
Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан дары өсүмдүктөрүнө эл аралык талап жогору. Тоолорубузда 4 миңден ашык өсүмдүктөрдүн түрү бар. Анын 200ү дары өсүмдүк болуп эсептелет. Анын 68и аныкталган, илимий фармакологияда колдонулат. Илимий медицинада өзүнүн тартиби боюнча фармокопеядан өткөн, курамы аныкталган өсүмдүктөрдү колдонуу керек. 4 миңден ашык өсүмдүктүн 800дөйү элдик медицинада дары өсүмдүк деп айтылып келет. Анын баарынын курамын изилдеш керек. Биздин лабораториянын негизги максаты – Кыргызстандын жаратылышындагы дары өсүмдүктөрдүн түрлөрүн, корун аныктоо, кайсы аймактарда, кандай бийиктикте өсөөрүн, канча көлөмдө жыйнаса болоорун тактап, рацоиналдуу пайдалануу менен табигый запасын сактап калуу иштерин картага түшүрүү.
Сыртка тонолуп ташылып кетип жаткан өсүмдүктөрдү өстүрүп, республика боюнча жайылтышыбыз керек. Ал өсүмдүктөрдүн курамында баалуу заттар бар. Ошондуктан жеке ишкерлер тарабынан текейден арзан сыртка чыгып кетүүдө.
Дары өсүмдүктөр Кыргызстанга чоң киреше алып келе турган тармак. Жер алдынан казылып алынган кен байлык бир күнү түгөнөт. Дары өсүмдүктөрдүн физиологиялык активдүү заттарын, фармакологиялык курамындагы фарм-субстанциясын дүйнөлүк фармакологиялык компанияларга экспорт кыла турган болсок, 100 эселеген акчалар түшөт. Аларды Кыргызстан боюнча таратып, айыл чарба өсүмдүктөрү сыяктуу плантация кылып өстүрүп туруп анын фарм-субстанциясын экспортко чыгарсак, экономикага чоң жардам болот. Муну мамлекеттик деңгээлде жөнгө салуу керек.
КР Президенти Садыр Жапаров жалпы академияга ремонт жасатып берди, анүчүн чоң рахмат. Бирок илимди өнүктүрүү үчүн шаймандар, жабдуулар, аппараттар, приборлор, микроскоптор абдан керек. Ансыз илим жүрбөйт. Өсүмдүктөрдүн курамын аныктоо, химиялык жол менен бөлүп алуу жолдорун ишке ашыруу зарыл. Кадр маселеси да абдан курч турат. Жаштарды стажировкага жөнөтүп, жаңы технологиялар менен иштешүү жолдорун үйрөтүү зарыл. Союздан кийин бул тармак такыр аксады.
Дары өсүмдүктөр – чөптөрдөн, бадалдардан, дарактардан алынат. Азыркы учурда 10 түрүнө суроо-талап чоң. Алар Кытай, Япония, Түштүк Кореяга кетип жатат.
- Эндик (макратония) деген өсүмдүк косметологияга колдонулат. Андан кымбат косметологиялык препараттар алынат. Мораторияда турганына карабастан чоң өлчөмдө жыйналып кетүүдө. Алар Кыргызстандын бардык тоолорунда 3,5 миң метр бийиктикте өсөт.
- Арнебия өсүмдүгү да эндиктер тукумуна кирет. Мунун тамырында кызыл боёк бар. Илгери кыргыздар колдонуп келишкен.
- Алтын тамырдын (радиола) түрлөрү.
Илимдер академиясынын биологдору табигый запасы азая баштаганда илимий корутунду жазып, Экология министрлиги аркылуу 10 чакты өсүмдүккө мораторий киргизген. Анын мөөнөтү бир жылдан кийин бүтөт. Эң негизгиси - биз аларды өзүбүз өстүрүп, жайылтышыбыз керек. Бул жагынан “Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүн өстүрүү жана экспорт” деген мамлекеттик программа иштелип чыгууда. Өсүмдүктөрдүн фармакологиялык субстанциясын мамлекеттик деңгээлде аныктоо үчүн кичи фармакологиялык завод курулушу керек. Булар жеке колго өтпөшү керек. Себеби, дары-дармек, наркотик, курал-жарак, нефть мамлекет үчүн чоң акча түшурө турган тармактар. Ковидди көрдүк, андан кийин жаңы вирустар, жаңы оорулар чыгып жатат. Фармакологиялык коопсуздук сакталып, Ата Мекендик дары-дармектер чыгышы керек. Бугүнкү күндө Өзбекстанда 40тан ашык фармакологиялык завод бар. Бүткүл Орто Азияга дарыларды экспорттоп жатат. Биздин 60% дарылар Өзбекстандан келүүдө. Союз кезинен химия тармагы жакшы өнүккөн. Химия боюнча илимий журналы дүйнөлүк деңгээлде Америкада чыгат.
Бизде фармакологиялык лабораторияны мыкты иштете турган приборлор жок. Ал 2 млн доллардай турат. Аны алып калсак, биз өсүмдүктөрдүн курамында эмне бар экенин көрсөтүп, дары-дармек өсүмдүктөрүн бүт стандартизацияга киргизип алаар элек.