Меню

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ТҮРК ДҮЙНӨСҮН БИРИКТИРҮҮДӨ
10-июнда Улуттук илимдер академиясында “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги” аттуу форум ТҮРКСОЙдун башкы катчылыгы, Анкара шаарындагы Ч.Айтматов институту жана УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту тарабынан уюштурулду.
Форумга КР Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Түркиянын Анкара шаарындагы Ч.Айтматов институтунун аткаруучу директору Ильяс Топсакал, Македониянын Визион эл аралык университетинин ректору, стратегиялык илим изилдөө институтунун директору Фадил Ходжа, Азербайжандын дүйнөгө белгилүү сүрөтчүсү, түрк дүйнөсүнүн сүрөт искусствосундагы белгилүү инсаны Сахид Мамедов, Кыргызстандагы кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору Алпаслан Жейлан, Түркиянын эң белгилүү сүрөтчүсү Рафик, Өзбекстандын Олий мажилисинин депутаты, Өзбекстандагы БУУнун өкүлү Акмаль Саидов, Казакстан Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Мереке Кулкенов, ушул иш-чараны уюштуруунун башында турган УИАнын Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев жана көптөгөн окумуштуулар, акын-жазуучулар, интеллигенция өкүлдөрү катышып, Айтматовдун дүйнө салган күнүндө улуу жазуучуну эскерүү, сый-урмат көрсөтүү, даңктоо, Анкарада жаңы ачылган Айтматов институтунун бет ачарын өз Мекенинде өткөрүү вазийпасын кылышты.
Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов Анкарада ачылган Ч.Айтматов институтун колдогону үчүн Түркиянын Президенти Режей Тайип Эрдоганга ыраазчылык билдирип, Түркия экономикалык, социалдык, маданий тармактарда колдоо көрсөтүп, өзгөчө боордоштук мамиле жасап келатканын айтты. “1986-жылы Чыңгыз Айтматов уюштурган Ысык-Көл форумуна дүйнөлүк масштабдагы 14кө жакын философтор, сүрөтчүлөр, акын-жазуучулар, ойчулдар чогулган, эми аны жандандыруу керек” – деди ал.
“Аалам катастрофа кырына келип, өз огунан чыкканы турат. Бул Айтматовдун чыгармаларында эчак эле жазылган. Айтматов өз чыгармаларына чекит койгону менен анын идеялары, ойлору жашай берет. Айтматовдун раритети – адамзаттын рухуна негизделген. Ал 80 жылдык өмүрүндө кылымдарга жетчү идеяларды калтырып кетти”, - деди Султан Раев.
Өзбекстандан келген Акмаль Саидов Чынгыз Айтматовдун 170 млн ашык окурманы бардыгын, Өзбекстанда эң көп окулган Айтматовдун чыгармалары экенин жана ал эң таланттуу, профессионал дипломат болгонун айтты. Казакстан Жазуучулар Союзунун төрагасы Мереке Кулкенов Айтматов жазган чыгармаларында кыргыздын эле эмес, өзбек, казак, түркмөн, түрк өңдүү бардык улуттардын ойлору камтылганын, түрк тилдүү элдердин ой-максаты бир экенин, Айтматовду мектептерде окутуу керектигин, ал казак элинин да жазуучусу экенин айтты.
Академик Абдылдажан Акматалиев Чынгыз Айтматовдун чыгармалары 170 тилге качан, кантип которулганын изилдеп келатышканын, мисалы, чыгармалары Францияда 50, Кытайда 37 жолу басылганын, Айтматов тууралуу жазылган макалалар китебин чыгаруу колго алынганын, ага арналган ырларды кыргыз, орус тилдеринде чыгарышканын айтты. А.Акматалиев Анкарада ачылган Айтматов институтунун филиалдарын ачуу керектигин жана Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык уюштуруу зарылдыгын белгиледи.
Форумдун аягында Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен Анкарадагы Чыңгыз Айтматов институтунун директорлору кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Эки күндөн кийин түрк тилдүу өлкөлөрдөн келген атайын келген делегация Ысык-Көлгө барып, Анкарада ачылган Ч.Айтматов институтунун алдыга койгон пландары, түзүмү тууралуу талкуулашты.