Меню
БОЛОТ ЮНУСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ИНСТИТУТУ РАСМИЙ АЧЫЛДЫ
Бүгүн, 20-июнда Улуттук илимдер академиясында Болот Юнусалиев атындагы тил институтунун расмий ачылыш аземи болду. Ага Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, “Кемин” коомунун төрагасы Болот Чыныбаев, Кемин районунун акими Кутпидин Абдрахманов, коомдук-саясий ишмер Чолпон Баекова, Кемин районунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары, Ош, Жалал-Абад мамлекеттик университеттеринин илимпоздору, академиктер, окумуштуулар, тилчилер жана Болот Юнусалиевдин туугандары, неберелери катышты.
Болот Юнусалиев атындагы тил илими институтунун директору, академик Сыртбай Мусаев: “Тил институту мурда өзүнчө иштеп жаткан, белгилүү инсандар башкарышкан, кийин жоюлуп, башкага кошулуп калган. Бүгүн минтип, академиянын коомдук илимдер бөлүмүнүн директорлорунун демилгеси жана Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Ермековичтин макулдугу менен институт расмий ачылды. Бул институтка кыргыздын белгилүү уулу, кыргыз окумуштуулары тургай Союз учурунда Москвадагы түрколог окумуштуулар сыймыктанып, баалаган академик Болот Юнусалиевдин ысымын ыйгардык”.
Жыйынга катышкан Илимдер академиясынын президенти, окумуштуулар, тилчилер кыргыз тилинин орду, өнүгүүсү тууралуу ойлорун ортого салышты. Болот Юнусалиевдин небереси чоң атасынан уккан маалымат боюнча Үркүнгө бараткан кыргыздардын ичинде 3 жашар Болот Какшаал тоосунан ылдый учуп баратканда апасы шапалак менен чаап, тартып алган. Кытайда жүргөндө да бир өлүмдөн калган экен. Болоттун өз атасы Жунушалы, чоң атасы Мураталы. Ошондо анын чыныгы ысмы – Мураталиев Болот Жунушалиевич. Кийин, 1939-жылдары “Кызыл Кыргызстан” гезитине жазган макалаларында өзү Болот Жунушалиев деп жазган.
Болот Юнусалиев 1913-жылы Кемин районунда туулган. Москва педагогикалык институтун, жогорку партия мектебин бүтүргөн. Мугалим, “Жогорку Кеңештин жарчысы” кыргыз басылмасында редактор, гезиттин редакторунун орун басары болгон. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда журналист, казак тилиндеги “Кызыл Армия правдасы” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген. 1946-1951-жылдары Кыргыз ССРинин агартуу министри болгон. 1954-жылы доктордук диссертациясын жактап, ошол жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги болуп шайланып, ошол жылы Кыргыз мамлекеттик университетине ректор болуп шайланып, 1960-жылга чейин иштеген. Андан соң Илимдер академиясынын “Манас” бөлүмүндө улуу илимий кызматкер болуп иштеп жүрүп, 57 жашында кайтыш болгон. Анын чоң эмгектери – кыргыз тилинин тарыхы, диалектикасы, тил илими, адабий кыргыз тили жаатында болуп, Манас таануучу, лингвист, түрколог болгон.
Тил илими институтун өзүнчө бөлүп, илимий жактан негиздемелерди иштеп чыгалы, ага Болот Юнусалиевдин ысмын ыйгаралы деп күйүп-бышып, көп иштердин башында турган академик Сыртбай Мусаевдин эмгеги зор экенин айта кетели.