Меню

A A
АЗЫРКЫ АДАМ – ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ

АЗЫРКЫ АДАМ – ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ

Бүгүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында философ, изилдөөчү Аскарбек Бекбоевдин илимий-философиялык форуму жана китептеринин бет ачары болуп өттү. Билим, илим тармагында көп жыл чиновник болуп жүрүп, эми баралына толуп турган куракта топтогон акыл көрөңгөсүнүн баарын жазуу ишине арнап, акыркы 5 жылда 23 китеп чыгарган экен.
Конференцияга академиктер, академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын жана илимий институттардын кызматкерлери, коомдук ишмерлер, философтор, окутуучулар катышты.
Философиялык китептердин автору Демокрит, Платон, Аристотелдердин жан дүйнөсүнө башбагып, оюн тыңшап, Аль-Фараби, Ибн-Сина, Ибл-Рушт, Спиноза, Дидро, Кант, Камю, Ницшелердин философиялык ойлорун окуп, көркөмдөп туруп кыргыз тилинде чайнап, китеп кылып чыгарган. Бул чоң эрдик. Адам темасында анын биологиялык проблемаларын изилдейт.
“Эссей француз тили, орустар эссе деген, мен “Эссей” деп чыгардым. Маанинин маңызы ой. Ойдун кыймылы сөз, сөздүн кыймылы концепт, концепттин кыймылы концепция, концепциянын кыймылы системага түшкөн парадигма. Философия эң байыркы илим, илимдердин алгачкы жаралган формасы. Эрте жаралганы менен көп жабыр тартты. Коом бир системадан экинчи системага өтүп жаткан бурулуш мезгилдерде философия түрткүнчүккө айланып келди. Азыр да ошондой. Философтордун далай эмгектери өрттөлдү. Философия акыл-эс, аны танганыбыз акыл-эстен кеткенибиз. Философия адамдын тегинде архетик катары сакталат. Адамдын адам катары калыптанышы философияга түздөн-түз байланышта”, - деди философия илимдеринин доктору, профессор Аскарбек Бекбоев.
“Аскарбек Абдыкадырович алгач чыгыш философторунун, ойчулдарынын философиясын изилдеди. Азыр агайдын арты менен кыргыз философиясында жаңы баракча ачылып олтурат. Адамдын табияты кандай, маңызы эмнеде экенин изилдеп келатат. Философиялык-антропологиялык эмгектерди, философиянын тарыхына арналган терең маанилүү китептерди чыгарды. Агайыбыздын эмгектери менен философия илими сапаттуу деңгээлге чыгып баратат”, - деди Карасаев атындагы БГУнун профессору, философия илимдеринин доктору Гульнара Атаканова.
Бүгүнкү адам — субъектпи же функциябы? Биз эмнени көздөп жашайбыз: көнүмүш адат мененби же абийирге таяныппы? Канткенде адам сөздүн толук маанисинде адам боло алат? Эмне үчүн адамга “күн сайын адам болуу кыйын?” Бул суроолор аалымдарды түйшөлтүп келаткан негизги темалар.

Сүрөттөр