Меню
АВТОБИОГРАФИЯ
Дженбаев Бекмамат Мурзакматович, 1960-жылдын 29-декабрында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. Улуту кыргыз. 1978-жылы Сузак районунун Тоголок Молдо атындагы №15 орто мектепти бүтүргөн. 1978–1979-жылдары Бишкек шаарындагы №3 техникалык окуу жайында билим алган. 1979–1981-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1981-1982-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин даярдоо бөлүмүндө окуп, 1987-жылы биология факультетин ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1987-жылы баштап, Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий-изилдөө секторунда иштеген. 1988-жылы КР Илимдер академиясынын Биология институтунун өсүмдүктөрдүн биогеохимиясы лабораториясына стажёр-изилдөөчү болуп кабыл алынып, Москвадагы СССР ИАнын Геохимия жана аналитикалык химия институтуна окууга (ГЕОХИ) жөнөтүлгөн.
1988-1990-жылдары Россия илимдер академиясынын (ГЕОХИ) айлана-чөйрөнүн биогеохимиясы лабораториясында стажёр-изилдөөчү болуп иштеп, ошол эле жерде 1991–1993-жылдары биогеохимия адистиги боюнча күндүзгү аспирантурада окуган. 1993-жылы аспирантураны ийгиликтүү аяктап, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде «Селен жана сымаптын ар кандай деңгээлдеги шарттарында амфибиялар менен рептилиялардын геохимиялык экологиясы» темасында биогеохимия адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
1993-жылдан тартып КР Улуттук Илимдер Академиясынын Биология-топурак таануу институтунун экология жана биогеохимия лабораториясында башкы илимий кызматкер болуп иштеген. 1996-жылы КР ЖАК тарабынан улук илимий кызматкер болгон. 2001-жылы «Экология» адистиги боюнча «Кыргызстандын табигый-техногендик ландшафттарындагы организмдердин геохимиялык экологиясы» темасында доктордук диссертациясын коргогон. 2002–2004-жылдары И.Арабаев университетинин Экология жана табиятты пайдалануу институтунда «Экология» кафедрасынын башчысы болуп иштеп, «Радиоэкология» жана «Биосфера жөнүндөгү окуу» курстарынан лекция окуган.
2005-жылы КР Улуттук Илимдер Академиясынын Биология-топурак таануу институтунун директору болуп шайланып, бул кызматты 2017-жылга чейин аркалаган. 2008-жылы КР ЖАК тарабынан профессор наамы берилген. 1989 жана 1996-жылдары Борбордук Азия аймагында, 1990–1992 жана 1994-жылдары Москва облусунда биогеохимиялык экспедицияларга катышкан. Экспедициялардын материалдары жана Кыргызстан менен Борбордук Азиядагы изилдөөлөр республикалык, аймактык жана эл аралык деңгээлдеги илимий конференцияларга, симпозиумдарга жана семинарларга сунушталган.
2015–2017-жылдары (Россия, МИФИ) Москва инженердик-физикалык институтунун окутуучусу болуп иштеп, КМШнын «Атом шериктештиги XXI» программасына катышкан. Бул программада ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча жаш кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо жүргүзүлүп, республикада радиоэкологдор жана радиобиологдор даярдалган.
Бекмамат Дженбаевдин 229 илимий иши, анын ичинде 8 монография, 2 окуу китеби, 3 методикалык колдонмо жана геохимиялык экология, биогеохимия жана организмдин радиоэкологиясы боюнча инновациялык иштеп чыгуулары, автордук эмгектери бар.
Б.Дженбаев Россиянын биогеохимиялык жана геохимиялык мектебинин мүчөсү, КР ЖАКтын доктордук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча кеңештеринин мүчөсү, КР УИАнын Биология-топурак таануу институтунун алдындагы Ведомство аралык кеңештин төрагасы.
Анын жетекчилиги астында 9 кандидат жана илимдин 1 доктору даярдалган. Учурда 9 аспиранттын илимий жетекчиси. Илимий ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары - биогеохимиялык, радиобиогеохимиялык жана радиоэкологиялык айлана-чөйрө обьекттерин изилдөө; Континенттердин биогеохимиясы, жер үстүндөгү организмдердин биогеохимиялык ролун аныктоо; Организмдердин геохимиялык экологиясы (академик В.И. Вернадскийдин окуусунун жолун улантуучу).
Ал илимий ишмердүүлүгүндө Кыргызстандагы айлана-чөйрөнүн геохимиялык райондоштуруусун жүргүзгөн, табигый-техногендик, өнөр жай жана урбанизацияланган аймактардын экологиялык-геохимиялык классификациясын түзгөн. Микроэлементтердин (Se, Pb, Zn, Co, Cu, Hg, Sb ж.б.) жана радионуклиддердин (U, Rn, Ra, Th ж.б.) ролун изилдеген. Жер үстүндөгү жана үстүнкү суулардагы чөйрөдө организмдердин геохимиялык курамынын өзгөрмөлүүлүгүн жана микроэлементтерди, радионуклиддерди топтоо даражасын түзгөн.
Б.М. Дженбаевдин жетекчилиги астында республикада айрым алмаштырылгыс биоэлементтердин жана микроэлементтердин, радионуклиддердин биогеохимиясы боюнча комплекстүү изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Кыргызстанда биринчи жолу жер үстүндөгү организмдердин биогеохимиялык параметрлери табигый жана техногендик факторлорду эске алуу менен селендин жаңы топтолуу зоналары табигый – Орто-Чүй торфяктары, техногендик – Түштүк Фергана сымап субрегиону жана Көк-Жангак көмүр району аныкталган.
Б.Дженбаев 229 илимий эмгек жарыялаган, анын ичинде 8 монография, Кыргызстандын ЖОЖдору үчүн 2 окуу китеби, 3 методикалык колдонмо жана инновациялык иштеп чыгуулар бар. Көп жылдан бери Россия илимдер академиясынын геохимиялык экология боюнча Координациялык кеңешинин жана «БИОГЕЛ» уюмунун мүчөсү. Кыргызстанда ал биогеохимия, геохимиялык экология жана радиоэкологиялык изилдөөлөр боюнча илимий уюмдун координатору.
Биохимия жана геохимиялык экология жаатында сиңирген эмгеги үчүн бир топ сыйлыктарга татыктуу болгон. В.В. Ковальский атындагы Эл аралык эстелик медалын, (2009-жылы), «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» наамын (2007-жылы), Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган (2010-жылы). Сербиянын Илимдер академиясынын инновациялык илимдер боюнча академиги (2012-жылы), «Евразиялык союз мамлекеттеринин ардактуу жараны» орденинин ээси (2019-жылы).
2021-жылы КР Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган.