Меню

A A
1916-ЖЫЛ: ЖАҢЫ ТАБЫЛГАЛАР

1916-ЖЫЛ: ЖАҢЫ ТАБЫЛГАЛАР

КР Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтуна караштуу «Мурас» фонду жана «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси тарабынан уюштурулуп жаткан «1916-жыл: жаңы табылгалар жана көз караштар» илимий кереге-кеңешине чакырабыз.
Бул илимий жыйын 1916-жылдагы Улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 110 жылдыгына арналат.
1916-жыл — кыргыз элинин тарыхындагы эң оор жана эң татаал доорлордун бири. Бул окуя тарыхый эс тутумда гана эмес, элдик аң-сезимде, көркөм мураста, оозеки тарыхта жана коомдук аңдоодо бүгүнкү күнгө чейин жашап келет. Кереге-кеңештин алкагында архивдик жаңы маалыматтар, чет өлкөлүк булактар, басма сөз материалдары жана тарыхый-адабий мурастар аркылуу көтөрүлүшкө байланышкан жаңы көз караштар сунушталат.
Илимий жыйында белгилүү тарыхчылар, изилдөөчүлөр жана адистер төмөнкү багыттар боюнча баяндамаларды жасашат:
▪️ 1916-жылдагы окуялар боюнча жаңы архивдик жана чет өлкөлүк маалыматтар
▪️ Борбор Азиянын качкындары тууралуу тарыхый даректер
▪️ Көтөрүлүш курмандыктары боюнча статистикалык маалыматтар Акын-агартуучулардын чыгармаларындагы тарыхый чындык
- 1916-жыл темасынын эл аралык жана саясий контексттери.
Өтүү күнү: 21-май 2026-жыл, саат: 09:30
Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 265а. 2-кабат. Жыйындар залы
Кирүү эркин.
Илимий кереге-кеңешке тарыхка кызыккан бардык жарандар катыша алышат.
Жыйындын жүрүшүндө суроо-жооп жана ачык талкуу уюштурулат.