Меню

A A
ДАРЫ ЖАНА ПАЙДАЛУУ ӨСҮМДҮКТӨР БОЮНЧА ТАЛАА ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ БАШТАЛДЫ

ДАРЫ ЖАНА ПАЙДАЛУУ ӨСҮМДҮКТӨР БОЮНЧА ТАЛАА ИЗИЛДӨӨЛӨРҮ БАШТАЛДЫ

2026-жылдын 20-апрелинен 8-майына чейин КР Президентине караштуу Химия жана фитотехнология институтунун дары өсүмдүктөрү жана фитотехнологиялар лабораториясынын кызматкерлери – лаборатория башчысы, б.и.к., улук илимий кызматкер Бурканов Н., б.и.к, улук илимий кызматкер Кенжебаев С., илимий кызматкерлер Кенжебаев Ж., Сартманбетова А., Үсөн уулу Чынгыз – Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда илимий экспедицияда болушту.
Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен кызматташтыкта дары жана пайдалуу өсүмдүктөрдүн чарбалык-баалуу мааниге ээ түрлөрү боюнча ресурс таануу изилдөөлөрү төмөнкү географиялык аймактарда жүргүзүлдү:
- Баткен облусунун айрым аймактарында сасык ферула (Ferula foetida (Bunge) Regel) өсүмдүгүнүн табигый кору изилденди;
- Батыш Тянь-Шанда сүйрү бөрү карагат (Berberis oblonga (Regel) Schneid.) өсүмдүгүнүн табигый кору аныкталды;
- Фергана кырка тоосунун Түштүк-Батыш тоосунун чоң капталында чарбалык мааниге ээ дары-дармек өсүмдүктөрүнүн түрлөрү изилденди;
- Айрым участоктордо жапайы өскөн кээ бир кызгалдактар түрү аныкталды.
Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө так GPS координаттары белгиленип, геоботаникалык сүрөттөмөлөр жүргүзүлдү, чийки заттын түшүмдүүлүгү бааланды, өсүмдүктөрдүн өсүмдүк коомчулуктарындагы аянттары аныкталды. Бардык изилденген участоктордон гербарий үлгүлөрү чогултулду.

Сүрөттөр