Меню

A A
ТОО ЭЛИНИН ТООДОЙ ЖҮРӨГҮ БАР

ТОО ЭЛИНИН ТООДОЙ ЖҮРӨГҮ БАР

Кечээ УИАнын Тоо физиологиясы жана медицина институтуна маалымат алуу үчүн барып, жайгашкан короо-жайы, имаратын көрдүк. Азыркы отурган жери Анкара көчөсүнүн эң мыкты жеринде турса да институттун өзүнүн кызматкерлеринин отурган жерлери тартыш. Анткени, Улуттук илимдер академиясына тиешелүү бул имаратты башка мамлекеттик жана жеке ишканалар убактылуу пайдалануу үчүн ээлеп алышкан. Илимий институт өзү кысылып, жарым залда мебелдери менен батпай калган. Өз үйүндө коногу бийлейт болуптур. Жакынкы убакта бул маселе да чечилип, өз нугуна түшөөр деп ишене туралы. Анткени, илимсиз өнүгүү жок.
Баса, мамлекет тарабынан 2028-жылы өтө турган Тоо саммитине карата Тоо борборун куруу мыкты идеясы да ишке ашып калса деген ийги тилектери бар.
Тоо физиология жана медицина институту 1954-жылы Илимдер академиясынын биринчи президенти, академик Иса Ахунбаевдин демилгеси менен түзүлгөн. Институттун өнүгүүсү биринчи пато-физиолог, институттун биринчи директору, профессор М.Алиев, мүчө-корреспондент В.Исабаева, профессор А.Слоним, академик М.Миррахимов, академик А.Айдаралиевдин ысымдары менен байланыштуу. Алардын жетекчилиги астында кандын физиологиясы, терморегуляция физиологиясы, иммунофизиология, хронобиология, прикладдык физиология ачылып, адамдардын жана жаныбарлардын Тянь-Шандын бийик тоолуу Памир, Орто Азия, Чыгыш Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарына ыңгайлашуу механизмдерине изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Союз учурунда Кыргызстандын физиология илимин изилдеген институттун баркы бийик көтөрүлүп, окумуштуулардын эмгектери СССРде эле эмес, чет өлкөлөрдө да таанылган. Институттун ишмердүүлүгүнө Россия илимдер академиясынын жана КР УИАнын мүчө-корреспонденти С.Сороко чоң салым кошкон. Ал жаңы багытты – нейрофизиологияны түптөгөн.
1994-2017-жылдары институтту медицина илимдеринин доктору, профессор А.Шаназаров жетектеген. Ал учурда тоо шартында адамдын физиологиялык жана социалдык адаптацияланышы, калктын жашоо сапатын жана биологиялык картаюусун баалоо, организмдин туруктуулугун жогорулатуу жолдорун жана ыкмаларын иштеп чыгуу, тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн социалдык-экономикалык компенсацияларды негиздөө, тоолорду туруктуу өнүктүрүү идеяларын ишке ашыруу изилдөөлөрү жүргөн.
Институт чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен тыгыз кызматташтыкта иштеп келет. Азыр институтта заманбап лабораториялар иштеп жатат. Илимий кызматкерлери кандын, зааранын анализин чыгарып, адамдын мээсинин иштөө функцияларын аныктай алышат. Кезинде кыргыз медицинасынын кайсы тармагы өнүксө, анын фундаменталдуу жана прикладдык изилдөөлөрүнүн баары ушул институтта өткөрүлгөн. 1970-1980-жылдарда институтта иштегендердин саны 270 адамга чейин өскөн. Кийин ар кандай шарттарга байланыштуу кыскарган.
1989-жылы институттун эшигин алгачкы ирет аттап, практикага келген Гүлнар Жунусова 37 жылдан бери ушул институтта иштеп, белгилүү окумуштуулардан. Медицина илимдеринин доктору, профессор Гүлнар Жунусова 2017-жылдан бери институттун директору болуп иштейт. Ал адамдын борбордук нерв системасы мээнин иштеши менен адамдын жашоо-турмушу аныкталаарын, пландары коюлаарын, жашоонун негизги маңызы анын иштеши аркылуу болоорун аныктап келатат. Кыргызстандын аймагы 95% тоолордон турат. Ушул тоолук элдин буга чейин кандай системада болбосун нормативдик параметрлери жасалбай келген. Эмки жумада институттун директору Гүлнар Жунусова өз кызматкерлери менен Нарынга барып, тоолуу аймакта жашаган өспүрүмдөрдүн нормативдүү параметрлерин, иммундук система кандай иштейт, канын, заарасын текшерип, организмде кандай өзгөрүүлөр бар экенин, башка аймактардан кандай айырмаланаарын аныктап келишет. Жалпы жонунан 500дөй адамдын организми текшерилүүдө.
Бүгүнкү күндө илимий институтта адамдын жана жаныбардын мээсинин биоэлектрдик параметрлерин компьютердик анализдөө үчүн комплекс түзүү, тоодогу адамдардын нейрофизиологиялык абалын көзөмөлдөө боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүп, мээнин дисфункциясына баа берүү үчүн ЭЭГ белгилери иштелип чыгууда.
Биз КР Президентине караштуу УИАнын Тоо физиологиясы жана медицина институтунун илимий иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

Сүрөттөр