Меню

A A
КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК - УҢГУЖОЛУБУЗ

КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК - УҢГУЖОЛУБУЗ

Бүгүн Улуттук илимдер академиясына кол өнөрчүлөр келип, колдо жасалган кыргыздын керемет буюм-тайымдарын жайышты. КР УИАнын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борбору “Кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн заманбап маселелери” аттуу кереге-кеңеш уюштурду.
Бул иш-чара боюнча филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Коңкобаев буларды айтты: “Акыркы 5 жылдан бери Кыргызстанда кайра жаралуу маселеси көтөрүлүп жатат. Анын башында Президентибиз Садыр Жапаров кабыл алган “Уңгужол” программасы турат. Кыргыздын кылымдар бою жаратып келген кол өнөрчүлүгүн, маданиятын, салтын, музыкасын, үрп-адатын көрсөткөн символдор бар. Салттуу маданиятты жаратуучулар – кол өнөрчүлөр, комузчулар, ырчылар, бийчилер, чоорчулар баары таланттуу адамдар. Биздин илимий борбор бийликтин, илимдин, элдин ортосунда алтын көпүрө бололу деген максатта биринчи жолу өткөрүп жатабыз. Биз Президентибиздин “Уңгужол” программасын эл менен чогуу ишке ашырсак деген оюбуз бар”.
Кереге кеңеште кол өнөрчүлүктүн көйгөйлөрү, аны чечүү жолдору, жетишкендиктери жөнүндө кенен сөз козголуп, суроо-жооптор болду.

Сүрөттөр