Меню

A A
ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ ДАЙЫНДАЛДЫ

15-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын жамаатына келип, академиянын жаңы президенти Бекмамат Дженбаевди тааныштырды.
Улан Маматканов Мамлекет башчысы тарабынан Улуттук илимдер академиясын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал Улуттук илимдер академиясынын өлкөнүн маанилүү илимий борбору катары маанисин баса белгилеп, илимий дараметти мындан ары да чыңдоо, изилдөө базасын өнүктүрүү жана илимий ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун заманбап талаптарга ылайык жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Сүрөттөр