Меню
КИТЕПТИН ДА КИТЕБИ БОЛОТ
Бүгүн, 19-майда академияда салмагы нар көтөргүс китептердин бет ачары болду. Алар “Байыркы түрк сөздүгүнүн” 3 томдугу, “Манас Семетей”, “Кыргыз балдар адабиятынын антологиясы” китептери. Иш-чарага КР Президентине караштуу УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев, Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институтунун директору, академик А.А. Акматалиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев, Улуттук илимдер академиясынын Б.Юнусалиев атындагы тил илими институтунун директору, академик С.Ж. Мусаев, жалпы тил, адабият жаатындагы окумуштуулар катышты.
“Биз буга чейин “Манас” баштаган баяндарды, айтыштарды, залкар акындарды, эпосторду чыгарганбыз. Колуңуздардагы “Семетей” мурда жарык көрбөгөн семетейчи Сейдененин вариантындагы жаңы табылга. Өзү биз менен иштешип калды, биздин кызматкерлер андан жаздырып алышкан. Бул боюнча атайын изилдөөлөр да болгон. Ал эми “Манас” эпосунда сырттан кирген сөздөр көп. Ошол сөздөрдүн түшүндүрмөсүн комментарийлерден алып өзүнчө китеп кылып чыгардык. Балдар темасына кайрылган бардык акын-жазуучулардын балдар жөнүндө чыгармаларын бир китепке топтодук. Байыркы түрк сөздөрү көптөн бери чыкпай келген, мунун баары эл күткөн баалуу китептер”, - деди академик А.Акматалиев.
Андан соң жаңы дайындалган УИАнын президенти Бекмамат Дженбаев кыргызды кыргыз кылган анын тили, “Манасы” экенине токтолуп, балдар чыгармаларынын топтому чыгып жатканы жакшы саамалык экенин айтып, бул иштерди жасап жаткан УИАнын Адабият институтуна ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.
“Тилдин өнүгүшү адабиятка байланыштуу. Тилдин өзүн окутуу мүмкүн эмес, аны адабият аркылуу кызыктырып окутса болот. адабият аркылуу тамырыбызды, иденттүүлугубүздү, уңгужолубузду тапсак болот. Ушул китептерди түзүп чыккан кызматкерлерге ыраазычылык билдирем”, - деди Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К. Мураталиев.
“Муну мамлекеттин тилге карата кам көрүүсү десек болот. “Байыркы түрк сөздүгү” жазма эстеликтердеги сөздөрдөн 1969-жылы Москвада басылып чыккан. Байыркы түрк деген термин качан пайда болгон? VI кылымда 542-жылы биринчи жолу түрк деген сөз пайда болгон. Ал дагы этноним катарында эмес, уруулардын бирикмеси катары жаралган. Ага чейин эле б.з.ч. XX кылымдарда кыргыздар жөнүндө маалымат болгон. Түркологдор менен сүйлөшүп калганда түрк тилдери дебей, кыргыз тилдери деп атабайлыбы деп калам. Тарыхчылар Бартольд, Киселев, Маловдордун эмгектеринде түрк тилдүү элдердин ичинен эң байыркысы кыргыздар экени айтылат. “Байыркы түрк сөздүгү” китебинин ичинде кыргыздын тили турат. Ушул китеп сыяктуу “Байыркы кыргыз сөздүгү” китеби да чыгышы керек. Буюрса ал келечектин иши”, - деди академик Сыртбай Мусаев.
Андан соң китептин түзүүчүлөрү, адабиятчы окумуштуулар жарык көргөн китептер жөнүндө ойлорун ортого салышты.