Меню
АЛЫМБЕК ДАТКА УРПАГЫ АКАДЕМИК МУСА АДЫШЕВГЕ 110 ЖЫЛ
17-октябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында катардагы мугалимден академикке, Улуттук илимдер академиясынын президенттигине чейинки жолду басып өткөн, кыргыздын белгилүү уулу Муса Адышевдин 110 жылдыгы белгиленет.
Аккан арыктан суу агат демекчи, ата-теги күчтүү инсандар болгон. Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Абдылдабек, анын уулу Мырзапаяз, анын уулу Адыш, анын уулу Муса. Муса Адышев 1947-жылы Ташкенттеги Орто Азия Мамлекеттик Университетти бүтүргөндөн кийин СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалында Геология институтунда иштөөгө жолдомо алат. Ал илимий иштерин уран кен байлыктарын изилдөөдөн баштаган. Өмүрүнүн көп жылдарын палеозой жана кембрийге чейинки эпохада пайда болгон беш элементтүү углероддук-сланецтер формациясын изилдөөгө арнаган. Бул сланецтердин курамындагы пайдалуу кендерди изилдөө менен бирге Тянь-Шань тоолорунун байыркы тарыхын, пайда болуу моделин, тоо тектердеги литогенез, геохимия, биохимия, металлогения процесстерин аныктаганга жетишкен. Илимий иштери 6 ири монографияларда жана жүздөн ашык илимий макалаларда чагылдырылган. Натыйжада 1952-жылы – кандидаттык, 1969-жылы доктордук диссертацияларын жактаган.