Меню

A A
АКАДЕМИЯДА ЭКСПЕРТТИК БОРБОР БОЛУШУ КЕРЕК

АКАДЕМИЯДА ЭКСПЕРТТИК БОРБОР БОЛУШУ КЕРЕК

УТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынан келип, академиянын президенти Канатбек Абдрахматовдон интервью алышты. Биз орчундуу жерлерин берүүнү туура таптык.
- 30 жыл мурда Ысык-Көлгө 88 дарыя суулары куюлчу, азыр 32 гана суу куюлат. Садыр Нургожоевич өзү да айтты, акыркы 100 жылда 12 метрге азайып кетти. Эгерде ушундай темп менен кетсек, өтө жаман болот. Ысык-Көлдүн экологиялык абалын изилдөө боюнча бир жылдык долбоор бүтүп жатат, эми үч жылдык жаңы долбоор башталат. Биз Ысык-Көлгө канча турист келип эс алышы керек экенин аныкташыбыз керек. Көп турист келгенде көтөрө албайт, булганыч көп болот. Көлдөн суу чыкпайт, суу кирет. Саркынды сууларды тазалай турган жайлар шаарларда гана, көлдүн айылдарында жок, бирок баары турист киргизет. Алардан сарыгып чыккан суулар көлгө агып кирүүдө.
Анысы аз келгенсип, Чүйдө, Таласта мөңгүлөрдүн саны 37%га төмөндөдү. Ушундай темп менен мөңгүлөр эрий берсе 30 жылдан кийин суу тартыштыгы башталат. Азыр суу көбөйөт, глобалдык жылуулук каптады, мөңгүлөр бат эрип жатат. 30-40 жылдан кийин накта көйгөйлөр башталат.
Бишкекте азыр көп кабат үйлөр баттан курулуп жатат. Бирок, шаардын көлөмү эске алынышы керек эле. 30 жылдан кийин аларга суу жетеби? Жетпесе кайдан алабыз? Шаардын мэрлери ушуну эске алышы керек. Бардык курулуп жаткан иштерди бийлик өкүлдөрү Улуттук илимдер академиясынын экспертизалык жыйынтыгы менен жасашы керек эле. ГЭСтер, жолдор, көпүрөлөр курулуп жатат, бирок баары эле илимий экспертизадан өтпөй эле акчанын күчү менен тезден жасалууда. Ошондуктан алдыбыздагы чоң максат – Улуттук илимдер академиясын эксперттик борборго айлантышыбыз керек. Ошондо бардык тармак бизге кайрылып, жыйынтыгын билип туруп иш башташы керек. Азыр бириндеп эксперттер бар, анын баары биригип академиянын өзүндө эксперттик борбор болушу кажет.