Меню

A A
АКАДЕМИЯДА БИОАРТҮРДҮҮЛҮКТҮ САКТОО МАСЕЛЕЛЕРИ КАРАЛУУДА

АКАДЕМИЯДА БИОАРТҮРДҮҮЛҮКТҮ САКТОО МАСЕЛЕЛЕРИ КАРАЛУУДА

Бүгүн академияда 19-20-ноябрь күндөрү болуучу «Биоартүрдүүлүктү сактоонун, экологиялык билим берүүнүн жана музей ишинин актуалдуу көйгөйлөрү» аттуу эл аралык конференция өз ишин баштады. Ал Биология институтунун Зоология музейинин 100 жылдыгына арналды.
Уюштуруучулар - КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Биология институту, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Борбор Азияда айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо илимий-изилдөө борбору болду.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин конференция катышуучулары Биология институтуна караштуу жаңыланган Зоология музейин кыдырып чыгышты.
Конференцияда чет өлкөлүк жана Ата Мекендик окумуштуулар уникалдуу табылгаларды музейлештирүү маселелери, музейлердин интерактивдүү 3D экспозицияларын түзүү, сойлоп жүрүүчүлөрдүн, канаттуулардын ар түрдүүлүгүн изилдөө, документтештирүү, айлана-чөйрөнүн глобалдуу өзгөрүү шартында экологиялык инновация, этноботаника темасында илимий докладдарды окушууда.

Сүрөттөр