Меню

A A
АКАДЕМИК АЛТАЙ БӨРҮБАЕВ - 75 ЖАШТА

АКАДЕМИК АЛТАЙ БӨРҮБАЕВ - 75 ЖАШТА

КР Улуттук илимдер академиясынын академиги, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Алтай Асылканович кутман курак 75 жашка толуп олтурат.
А.А. Борубаев орто мектепти алтын медаль менен аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин 1972-жылы артыкчылык диплому менен бүтүргөн. М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы аспирантура жана докторантурасында окуп, Борбордук Азияда биринчи жолу геометрия жана топология адистиги боюнча кандидаттык (1977ж.) жана доктордук диссертациясын (1991ж.) ийгиликтүү коргогон.
А.А.Борубаев эмгек жолун 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуудан баштап, ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, факультеттин деканы, илимий иштер боюнча проректор, кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеген.
1992-жылы ага профессор наамы ыйгарылып, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган.
1992-жылы КР Президентинин Жарлыгы менен А.А.Борубаев КР Билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалган. Анын демилгеси жана жетекчилиги менен эгемендүү Кыргызстандын «Билим берүү жөнүндө» жана “Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамдары иштелип чыккан.
А.А. Борубаев 1994-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору болуп шайланган.
КР Президентинин Жарлыгы менен ага 1995-жылы «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган.
1998-жылы А.А. Борубаев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору болуп шайланган.
2000-жылы илимпоздордун сунушу менен илимдеги жетишкен зор ийгиликтери үчүн Москва эл аралык обсерваториясы жылдыздардын бирине академик А.А.Борубаевдин «Алтай» ысымын ыйгарган. Ушул жылы академик А.А.Борубаевге М.В.Ломоносов атындагы ММУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылган.
А.А.Борубаев 2000-жылы КР Улуттук илимдер академиясынын академиги болуп, бир добуштан шайланган.
1998-жылы жана 2000-жылы эки жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагалыгына шайланган.
2001-жылы ал КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын «Шериктештик» ордени менен сыйланган.

2002-жылы А.А.Борубаевге илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгы экинчи жолу ыйгарылып, ушул эле жылы АКШнын Биография институту А.А.Борубаевди «Жылдын мыкты адамы» деп тапкан.
2003-жылы Карлов университетинин (Прага, Чехия) алтын медалы менен сыйланган, ушул эле жылы Россия Федерациясын президентинин Жарлыгы менен А.А. Борубаев “Санкт Петербург шаарына 300 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.
Академик А.А.Борубаев 2005-жылы КР Президентинин Жарлыгы менен КР Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы болуп дайындалган.
2005-жылы Монголия илимдер академиясы ага Ардактуу доктор даражасын ыйгарган.
2013-жылы академик А.А. Борубаев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти болуп шайланып, ал эми 2017-жылдан ушул күнгө чейин КР Улуттук илимдер академиясынын Математика институтун жетектеп келет.
2013-жылы академик А.А.Борубаев дүйнөлүк илимге кошкон зор салымы үчүн Эл аралык Сократ комитетинин “Сократ” ордени менен сыйланган. Аталган комитеттин чечими менен анын ысымы 21-кылымдагы дүйнөнүн залкар окумуштууларынын дүйнөлүк реестрине киргизилген (Лондон, Улуу Британия). Ушул эле жылы ал “Улуу Петр I” ордени менен сыйланган (Россия).
2017-жылы А.А.Борубаевге КМШ мамлекеттер аралык «Шериктештер жылдызы» сыйлыгы ыйгарылып, ал эми 2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун алтын медалы ыйгарылган.
2021-жылы академик А.А.Борубаев Борбордук Азияда биринчи жолу математика боюнча илимий ачылыш жасап, аны «Илимий ачылыштардын жана ойлоп табуучулардын Эл аралык илимдер академиясы» жана дүйнөлүк илимий коомчулугу тааныган.
2023-жылы ага Циндао университетинин (Кытай) Ардактуу профессору наамы ыйгарылган.
Академик А. А. Борубаев Борбордук Азияда биринчи жолу топология жана геометрия боюнча илимий мектеп түзгөн. Ал илимдин 8 докторун, 15тен ашык илимдин кандидатын даярдаган жана анын эки окуучусу КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. 16 илимий монографиясы жана китептери, 130дан ашык илимий макалалары дүйнөнүн 15 өлкөсүндө жарык көргөн.
Алтай Асылкановичтин салтанаттуу мааракеси КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында өтөт.
Иш-чара 15-январда саат 9.00 башталат.