Меню
АДИСТЕШТИРИЛГЕН ПРАКТИКАЛЫК ТРЕНИНГ
Бүгүн, 23-ноябрда, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун базасында полимераздык чынжыр реакциясы (ПЧР) ыкмасы менен генетикалык жактан модификацияланган организмдерди (ГМО) аныктоо боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган адистештирилген практикалык тренинг ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Окуу курсуна КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин республиканын аймактарында фитосанитардык, ветеринардык жана лабораториялык көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу тиешелүү департаменттеринин жана аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышууда.
Анын башкы максаты — мамлекеттик лабораториялык кызматтын кадрдык дараметин чыңдоо, ISO эл аралык стандарттарына жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык тамак-аш азыктарынын жана айыл чарба чийки затынын коопсуздугун көзөмөлдөө ыкмаларын бирдейлештирүү (унификациялоо).
Иш-чараны ачып жатып, КР УИАнын Биотехнология институтунун директору Акрам Мадумаров өлкөнүн азык-түлүк жана биологиялык коопсуздугун камсыздоо маселелеринде илим менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн стратегиялык маанисин: «Заманбап лабораториялык жабдуулар жана стандарттар алардын артында жогорку квалификациялуу адистер турганда гана натыйжалуу иштейт. Биздин башкы милдет — ар бир аймакта лабораториялык изилдөөлөрдүн кынтыксыз тактыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ведомствонун кызматкерлерине практикалык көндүмдөрдү өткөрүп берүү», — деп белгиледи.
Тренингдин программасы институттун заманбап лабораторияларынын базасында теориялык жана интенсивдүү практикалык блокторду камтыйт:
ПЧР-лабораториялардын ишин уюштуруу боюнча ченемдик-укуктук базаны жана мамлекеттер аралык стандарттардын (ГОСТ ISO) талаптарын изилдөө;
татаал өсүмдүк чийки затынан жана термикалык иштетүүдөн өткөн азыктардан үлгүлөрдү алуу жана ДНКны бөлүп алуу ыкмаларын иштеп чыгуу;
жөнгө салуучу ырааттуулуктарды (35S, NOS) аныктоо жана трансгендик өсүмдүктөрдүн линияларын идентификациялоо үчүн реалдуу убакыт режиминде ПЧР-скрининг (Real-Time PCR) жүргүзүү;
амплификациянын жыйынтыктарын чечмелөө жана сыноо протоколдорун толтуруу