Меню
АДАБИЯТТЫН АЛПЫ ЭЛЕ
2026-жылдын 20-январында 86 жаш курагында ири окумуштуу, адабият таануучу, сынчы, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, М. Элебаев атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, «Манас» орденинин III даражасынын ээси, Ж. Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору Омор Сооронов (О. Соорон-Сопу) дүйнөдөн кайтты. Кыргыз илими орду толгус оор жоготууга учурады.
Омор Сооронов Базар-Коргон районунун Гөлөгөн айылында туулган. Эмгек жолун 1958-жылы Базар-Коргон басмаканасында арип терүүчү болуп иштөө менен баштаган. 1959–1962-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1967-жылы Жалал-Абаддагы А.С. Пушкин атындагы окуу жайына окутуучу болуп жөнөтөлгөн.
Омор Сооронов 1969–1979-жж. жана 1981-жылдан тартып КР Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп эмгектенген. 1979–1981-жылдары «Кыргызстан» басмасынын көркөм оригинал адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1992 – 1995-жж. И.Арабаев атындагы КМПУнун улуу окутуучусу жана КУИАсынын улук илимий кызматкери болуп иштеген.
Омор Сооронов 1954-жылдан тартып акын катары басма сөз беттеринде жарыялана баштаган. Алгачкы поэтикалык жыйнагы «Тоолорумдун зыйнаты» 1971-жылы жарык көргөн. Алты поэтикалык жыйнактын, эки монографиянын, адабий-сын макалалар жыйнагынын автору. 1980-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Омор Сооронов кыргыз адабият таануу илиминин жана архив таануунун өнүгүшүнө зор салым кошкон. Омор Сооронов 180ден ашуун басма илимий эмгектин, анын ичинде 16 монографиянын автору.
1993-жылы Омор Сооронов Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги наамы менен сыйланган. 2003-жылы Кыргыз Улуттук университетинин ардактуу профессору болуп шайланган. 2004-жылы адабият таануу илимине кошкон салымы үчүн илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 2017-жылы «Манас» орденинин III даражасы менен сыйланган.
Омор Соороновдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Анын эмгек сиңирген зор салымы Кыргыз Республикасынын тарыхында түбөлүк сакталат.
Абдрахматов К.Е.
Арабаев Ч.
Худайбергенова Б.М.
Талиева К.
Акматалиев А.
Эркебаев А.
Ибраимов О.
Асанканов А.
Мусаев С.
Саралаев Н.
Кайыпов С.
Жайнакова А.
Исаева А.
Орозова Г.
Мукасов М.
Орозобекова Ж. К
өлбаева М.
Калчакеев К.